Дүйнөлүк басма сөз 9.02.2021

Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.

1579861
Дүйнөлүк басма сөз 9.02.2021

Deutsche Welle: Германияда 2020-жылы мусулмандарга жана мусулман уюмдарга каршы 900дөн ашуун кол салуу катталгандыгын билдирген.

Zdf: Австрия өкмөтү коронавирус эпидемиясына байланыштуу Тирол аймагы үчүн саякат эскертүүсүн бергенин жазган.

Аль-Кудс аль-Араби (Араб - Британ гезити): (Бийликти колго алган) Мьянманын расмий органдары, нааразычылык акцияларына жол бербейбиз деп коркутуп, айрым шаарларда аскердик абал жарыялаганын кабарлаган.

Ал-Кудс аль-Араби (Араб - Британ гезити): «Сириядагы АКШ күчтөрүнүн максаты эми мунайды коргоо эмес» деп маалымдаган.

Аль-Рая аль-Катария (Катар гезити): Катардын вице-премьери жана тышкы иштер министри Шейх Мухаммед бин Абдулрахман Аль-Тани Америка Кошмо Штаттарынын Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн билдирген.

Ле Фигаро (Франция): «Ковид-19: (Францияда) Мектеп дарыгерлери мектептердин төрт жумага жабылышын талап кылышууда» деп жазган.

France 24 : (Франциянын президенти Эммануэль) Макрон эмдөөнү тездетүү боюнча Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башкы директору менен сүйлөшкөндүгүн кабарлаган.

El Pais: (Испания) Испаниянын экономикалык иштер жана санариптик трансформация министри Надия Кальвино, Ковид-19 пандемиясындагы үчүнчү толкундун катаалдыгынан улам мамлекеттин компанияларга экономикалык колдоону күчөтүшү керектигин айтканын жазган.

TeleSur: (Венесуэла) Эквадордун Улуттук шайлоо кеңешинин (CNE) кеңешчиси Хосе Кабрера, президенттик шайлоонун экинчи айлампасында талапкер Андрес Арауз менен кимдин ат салышарын аныктоонун бир нече күндү талап кылынышы мүмкүн экенин билдиргенин маалымдаган.

Russia Today: Немис өкмөтү, Европада коронавирус вакциналарын таратуудагы кыйынчылыктын себебинен Россиянын вакцинасын алууну карап жатканын кабарлаган.

"Известия" гезити: Россиянын Тышкы иштер министрлиги Польша, Германия жана Швециянын россиялык дипломаттарды депортациялашын "негизсиз" деп мүнөздөгөнүн жазган.

РБК сайты: Россияда каалаган энелерге, аларга мамлекет тарабынан төлөнгөн акчаларды баалуу кагаздарга инвестиция салууда колдонушуна уруксат берилиши мүмкүн экенин билдирген.



Тектеш кабарлар