Дүйнөлүк басма сөз 3.02.2021
Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.
«Bild» гезити: Германия коронавируска каршы күрөшүү үчүн Португалияга аскерлерин жана дарыгерлерин жибере турганын билдирген.
Frankfurter Allgemeine Zeitung: «Москвада сот отуруму – орус оппоциячыл (Алексей) Навальный эки жарым жылга камалат» деп кабарлаган.
Spiegel: Россиянын коронавируска каршы иштеп чыккан «Sputnik V» вакцинасынын эффективдүүлүгү 91,6 пайыз экенин маалымдаган.
Le Parisien (Франция): «Ковид-19: Франциянын президенти Эммануэль Макрон жайдын аягына чейин "каалаган бардык француздар" эмделе алат деп убада кылганын жазган.
Le Monde (Франция): Коронавирустун Британиядагы вариантынын мутациясы уланып жатканын кабарлаган.
France 24 (Франция): Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эксперттик тобу (Кытайда)Ухань вирусология институтуна барганын билдирген.
Аль-Рая (Катар): «Европа Биримдиги Косовону Кудста элчилик ачпоо боюнча эскертүүдө. Араб лигасы, элчилик ачуу чечимин эл аралык мыйзамдарды бузаарын айтып, айыптоодо» деп жазган.
Al Dastour (Иордания): Дүйнө жүзүндө эки айдын ичинде коронага каршы 100 миллион вакцина иштелип чыкканын маалымдаган.
Al Jazeera: Нормалдашуудан кийин Израиль, Суданга инвестициялык долбоорлорду сунуштап жатканын билдирген.
El Pais: (Испания) «Европанын Борбордук банкынын маалыматына караганда, Испания өткөн жылы экономикалык кризисти жеңүү үчүн эң аз акча короткон евро өлкөсү болду» деп кабарлаган.
Эль Мундо: (Испания) «Испаниянын көптөгөн шаарларында Ковид-19 эпидемиясынын жайылышына жол бербөө үчүн көрүлүп жаткан чаралар күндөн-күнгө күчөтүлүп жатат, Мадрид, Малага жана Астурия шаарларында кээ бир чаралар өзгөртүлүп күчөтүлдү» деп билдирген.
ТАСС агенттиги: Россиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова батыштык дипломаттардын Москвадагы оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйдын сот отурумун көзөмөлдөп жатышын "саясий кыймыл" деп мүнөздөгөнүн жазган.
"Коммерсант" гезити: «Россиянын Нью-Йорктогу Башкы консулдугуна Алексей Навальныйга колдоо көрсөтүү акциясы убагында кызыл боек ыргытылды. Башкы консулдук АКШнын Мамлекеттик департаментинен дипломатиялык өкүлчүлүктүн коопсуздугун камсыз кылууну суранды» деп маалымдаган.
Gazeta ru: Кытай коронавирустун жаңы түрүнө каршы вакциналарды өндүрүү боюнча Россия менен кызматташууга даяр экенин билдирген.