Дүйнөлүк басма сөз 27.01.2021
Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.
Le Parisien: Пари Сен-Жермен (ПСЖ) менен өткөн айда өткөрүлгөн беттеште расисттик кол салууга дуушар болгон Башакшехир командасынын машыктыруучусунун жардамчысы Пьер Вебо, " ПСЖнын мурунку машыктыруучусу Томас Тухелдин" жетишсиз колдоосуна капа болгонун билдиргенин жазган.
Le Monde: «Kovid-19 – Европа Биримдиги вакцина өндүрүүчүлөрдү "милдеттенмелери" жөнүндө эскертти» деп билдирген.
France 24: Францияда мугалимдер, студенттер жана мектеп медайымдары (өкмөттүн Ковид-19 менен күрөшүү саясатына каршы) иш ташташканын кабарлаган.
Ал-Кудс аль-Араби (Араб - британ гезити): Вашингтон (администрация): «Биз (Палестинада) эки мамлекеттүү чечимди колдойбуз жана Израиль менен көбүрөөк нормалдашууга чакырабыз» дегинин маалымдаган.
Ал-Рая аль-Катария (Катар гезити): Катардын Эмири Шейх Тамим бин Хамед Аль-Тани, Сауд Арабиянын падышасы Салман бин Абдулазизге ханыша Тарфе бинт Сауд бин Абдулазиздин дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтканын жазган.
Ад-Дустур (Иордан гезити): (БУУнун башкы катчысы Антонио) Гутерриш: «Дүйнөдө кылымдын эң оор экономикалык кризиси болуп жатат» дегенин билдирген.
Deutsche Welle: «Жаңы мутация Германияда кооптонууну жаратты: Бул ирет ысык аба ырайында эпидемиянын жакшырышы байкалбайт» деп кабарлаган.
Süddeutsche Zeitung: (Германиянын канцлери Ангела) Меркель менен (Америка Кошмо Штаттарынын президенти Жо) Байдендин биринчи телефон сүйлөшүүсү: Берлиндеги күтүүлөр чоң» деп жазган.
«Bild» гезити: «Корона мутациясы: Германиянын канцлери Ангела Меркель саякатка чектөө коюуну талап кылууда» деп маалымдаган.
Эль Мундо (Испания): Ковид-19дан улам сабактарга бара албай калган окуучулардын көбөйүшү мугалимдерди жана ата-энелерди тынчсыздандырат: Карантинге алынган класстардын саны 60 пайызга өстү» деп кабарлаган.
La Vanguardia (Испания): Эл аралык Валюта Фондунун алдыдагы жылдарга байланыштуу божомолуна караганда, Испаниянын күтүлгөндөн кыйла аз өсө турганын билдирген.
Телесур (Венесуэла): Венесуэланын президенти Николас Мадуро, ушул жумада коронавирусту дарылоо үчүн жергиликтүү Карвативир дарысын өндүрүү иши башталганын жарыялаганын жазган.
Коммерсант: Россиянын президенти Владимир Путиндин, АКШнын президенти Жо Байден менен биринчи телефон сүйлөшүүсүн өткөргөнүн маалымдаган.
РИА Новости: Россиянын президенти Владимир Путин Стратегиялык куралдарды кыскартуу боюнча жаңы келишимди (Жаңы СТАРТ) узартуу чечимин Россия парламентинин төмөнкү палатасы Думага жөнөткөнүн кабарлаган.
ТАСС: Россиянын өткөн жылы пандемияга байланыштуу токтотулган Вьетнам, Индия, Финляндия жана Катар менен үзгүлтүксүз аба каттамдарын кайрадан баштаганын билдирген.