Дүйнөлүк басма сөз 21.01.2021

Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.

1568086
Дүйнөлүк басма сөз 21.01.2021

Zdf: Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер Жо Байдендин АКШнын президенти катары кызматына киришкенине канааттангандыгын билдиргенин жазган.

Deutsche Welle: Германияда эркек жөжөлөрдү өлтүрүүгө тыюу салына турганын кабарлаган.

Süddeutsche Zeitung: Германияда коомдук транспорттордо жана дүкөндөрдө FFP2 (маска түрү) же медициналык маскалар милдеттүү болоорун маалымдаган.

La Vanguardia (Испания): Испаниянын борбор шаары Мадриддеги жарылуудан кеминде үч адамдын каза болгонун билдирген.

Эль Паис (Испания): АКШнын жаңы президенти Жо Байден бардык америкалыктарды "баарын башынан баштоого" чакырганын кабарлаган.

Телесур (Венесуэла :): Венесуэланын президенти Николас Мадуро Улуттук Ассамблеяны АКШ менен мамилелерди калыбына келтирүү демилгесин көтөрүүгө үндөгөнүн жазган.

Le Parisien: Франция, ЕБ өлкөлөрүнөн (келе турган) жүргүнчүлөр үчүн Kovid-19 тесттерин милдеттүү түрдө талап кылууну пландаштырып жатканын маалымдаган.

Le Monde: (Франция) Парламент саламаттык сактоо тармагындагы өзгөчө кырдаалдын узартылышын бекиткенин кабарлаган.

Аль-Жазира: «(АКШда) Ант берүү аземинен кийин: (Израилдин премьер-министри Беньямин) Нетаньяху (АКШнын жаңы президенти Жо) Байденди Иранга каршы чыгууга чакырды. Европа Ак үйдөгү "досуна" салам берүүдө жана (Палестинанын лидери Махмуд) Аббас тынчтык орнотууну каалайт» деп жазган.

Аль-Кудс Аль-Араби: (АКШнын мурунку президенти Дональд) Трамп Байден кызматка киришүүдөн бир саат мурун Бириккен Араб Эмираттарынын пайдасына ири курал-жарак келишимине кол койгонун билдирген.

Аль-Рая (Катар): Египет Катар менен дипломатиялык мамилелерди калыбына келтиргенин жарыялаганын маалымдаган.

«Коммерсант» гезити: 2020-жылы Россияга келген чет элдиктердин саны 2019-жылга салыштырмалуу 70 пайызга азайганын жазган.

Риа Новости: НАСА Россиядагы өкүлчүлүктөрдүн санын кыскартууну каалаганын билдирген.

Russia Today: Россиянын Федералдык маалыматтык технологиялар жана массалык коммуникацияны көзөмөлдөө органы (Роскомнадзор) орусиялык ВКонтакте социалдык тармагынан (камактагы оппозициячыл Алексей Навальныйды бошотуу үчүн уюштурулган) нааразычылык акциясына катышуу үчүн чакырууларды өчүрүүнү талап кылып жатканын кабарлаган.



Тектеш кабарлар