Дүйнөлүк басма сөз 8.12.2020
Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.
Deutsche Welle: Президент Режеп Таййип Эрдоган Европа Биримдигине: Сунган колубузду суутпагыла» дегенин билдирген. Эрдоган, Чыгыш Жер Ортолук деңизине жээктеш аймак өлкөлөрү жана кипрдик түрктөр да катыша турган конференция өткөрүлүшүн талап кылып, Европа Биримдигинен Түркиянын сунган колун суутпашын күтөбүз»,-деди.
«Bild» гезити: Германиянын жаңы эмдөө планы тууралуу жазган.
Tagesschau: Германия корона учурлары барган сайын көбөйүп бараткандыктан, вируска каршы чараларды күчөтүү боюнча чакырыктар күч алганын кабарлаган.
Le Parisien: «Жумуш менен камсыз кылуу: Француз компаниялары 2021-жылдын биринчи чейрегинде жумушка алууну пландаштырбай эле» деп жазган.
Le Monde: «Францияда сепаратисттик мыйзам долбоору: Бир нече эскертүүлөргө карабастан Мамлекеттик Кеңеш макулдугун берди» деп кабарлаган.
Le Soir : (Бельгиянын ички иштер министри) Аннлис Верлиндендин: «Эгерде коронавируска каршы күрөштө эрежелер сакталбаса, анда пандемия Пасха майрамына чейин уланат» деп айтканын билдирген.
Аль-Кудс Аль-Араби: АКШнын президенти Дональд Трамп корона вакциналарынын келерки жайдын башына чейин дүйнө өлкөлөрүнө таратылышына тоскоол болуп жатканын маалымдаган.
Аль-Кудс Аль-Араби: Бириккен Араб Эмираттарынын падышалык үй-бүлөсүнөн бир шейх, күйөрмандары арабдарды жана Мухаммед пайгамбарды шылдыңдаган израилдик спорт клубунун акцияларынын жарымын сатып алганын кабарлаган.
Аль-Дустур (Иордания): Палестиналыктардын «Биринчи Интифадасынан» бери 33 жыл өткөнүн билдирген.
Аль-Рая (Катар): Ирактын Керкүк шаарынын түштүгүндө болгон ДАЕШ кол салуусунан бир полиция кызматкери каза болгонун жазган.
El Pais (Испания): Ковид-19 пандемиясынын экинчи толкуну көпчүлүк Европа өлкөлөрүндө биринчисине караганда көбүрөөк өлүмгө алып келгенин кабарлаган.
Эль Мундо: Испаниянын мурунку падышасы Хуан Карлос Iнин достору аны Испанияга кайтып келбөөгө көндүрүп жатышканын билдирген.
TeleSur (Венесуэла): Кубанын борбор шаары Гаванада дүйшөмбү күнү коронавирус пандемиясына каршы көрүлгөн катуу чаралардын алкагында миңдеген балдар мектептерге бара баштагандарын маалымдаган.
"Коммерсант" гезити: Россия куралдарды көзөмөлдөө боюнча алкактык келишимдин версияларын АКШга өткөрүп бергенин жазган.
Российская газета: Россиянын президенти Владимир Путин менен Германиянын канцлери Ангела Меркель Карабах, Донбасс жана коронавируска каршы вакциналар жөнүндө сүйлөшкөнүн билдирген.