Дүйнөлүк басма сөз 23.11.2020
Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.
zdf.de: Германиянын канцлери Ангела Меркель G-20 саммитинде бардык өлкөлөрдүн вакцинага ылайыктуу баада жетүүсүнүн камсыз кылынышы үчүн колдоо сурады.
spiegel.de: Германияда коалициялык өнөктөштөр ири компанияларды башкаруу үчүн аялдардан милдеттүү квота алууга макул болушту.
ard.de: АКШда коронавирустун жаңы түрүнө (Ковид-19) каршы эмдөө декабрь айында башталат деп күтүлүүдө.
Эль Паис: (Испания) Испаниянын премьер-министри Педро Санчес: «Коронавирустун жаңы түрүнө (Ковид-19) каршы Испанияга келе турган биринчи вакциналар 13000 саламаттыкты сактоо борборунда жүргүзүлөт».
Эл Мундо: Өкмөт жарыялаган билим берүү реформасына жекшемби күнү Мадридде өткөн демонстрацияда каршылык көрсөтүлдү.
TeleSur: (Венесуэла) Венесуэланын Президенти Николас Мадуро Ковид-19га каршы күрөштө колдонулган ыкмалардын мыкты натыйжалары декабрь айында Венесуэлага коопсуз ийкемдүүлүк алып келерин жарыялады.
Аль-Кудс Аль-Араби: «АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео: Катар Ооганстандагы тынчтыкты орнотуу үчүн маанилүү өнөктөш»
Аль Дастур (Иордания): Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяхуга каршы нааразычылык 23-жумада уланууда...
Аль Дастур (Иордания): Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюму, Европада 2021-жылдын башында үчүнчү корона толкунунун эскертүүсүн жарыялады
Аль-Рая (Катар): Президент Режеп Таййип Эрдоган Европаны Түркияга берген убадаларын аткарууга чакырды
Le Monde: Ковид-19: Франциянын президенти Эммануэль Макрон карантиндик эрежелерди жеңилдетет.
Le Figaro: (Франция) Сыйынуу жөрөлгөлөрүнө тыюу салынгандан кийин, нааразычылыктар жана демонстрациялар көбөйүүдө.
France 24: Франциянын мурунку президенти Николас Саркози "тыңшоо" ишинин алкагында соттун алдына келди.
РИА Новости (Россия): Беларуссия Европа Биримдигине каршы санкцияларды кеңейтет.
Известия (Россия): Россияда чыгарылган «Sputnik V» вакцинасынын баасы бир жуманын ичинде белгилүү болот.
Лента.ру (Россия): Россия Америка Кошмо Штаттардын «Ачык асман» келишиминен чыккандыгына өкүнөт жана документ АКШсыз жок болуп кетиши мүмкүн деп эсептейт.