Дүйнөлүк басма сөз 10.04.2020
Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.
Le Soir: Коронавирустан каза тапкандардын сөөгүн көмүү үчүн Нью-Йоркто тобу менен көмүлүүчү көрүстөндөр казылууда.
France 24: Франциянын президенти Макрон коронавируска байланыштуу изилдөөлөрүнөн улам талаш-тартыш жараткан Профессор Дидье Рауль менен кезикти.
Le Parisien: Карантиндин ортосунда Лондондон атайын реактивдүү учактар менен Кот-д'Азурга баргандарды полиция артка жөнөтүүдө.
AL Jazeera: 14 жылдык блокадага карабастан Газада эки аптада 1000 карантин бөлмөсү курулуп бүттү.
Al Quds Al Arabi: Сауд Арабия менен Орусия, АКШнын кысымы менен мунай өндүрүшүн азайтууга чечим чыгарышты.
Al Sharq Al Awsat: Коронавирус: Иордания бүгүн кеңири карантин тартибин баштайт.
El País (Испания): Коронавирус пандемиясы 2019-жылдагы грипптен беш эсе көп өлүмгө себеп болду.
El Mundo (İspanya): Европа Биримдиги коронага каршы жарым триллион евролук финансылык жардамды кабыл алды.
Deutsche Welle: Грециядагы качкындар лагеринде 28 кишиде коронавирус аныкталды.
Zeit гезити: Австрия пасха майрамынан кийин коронавирус чара көрүүлөрүн жеңилдете турганын билдирди.
TASS: Путин COVID-19га каршы медициналык буюм жана дары-дармектерди өндүрүүнү арттырууга буйрук берди.
Lenta.ru: Орусия менен Сауд Арабия мунай өндүрүүнү азайтуу үчүн берки бир канча өлкө менен макулдашты.
RIA Novosti: АКШнын президенти Трамп, Орусиянын президенти Путин жана король Салман менен жакшы сүйлөшүү өткөргөндүгүн айтты.
КТРК: Кыргызстанда 10-апрелге карата коронавирус жуктурган дагы 18 жаңы учур катталды. Өлкө боюнча жалпы ооругандардын саны 298 кишиге жетти.