Дүйнөлүк басма сөз 4.02.2020

Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.

1352900
Дүйнөлүк басма сөз 4.02.2020

 

Deutsche Welle: Эрдоган: «Крымдын мыйзамсыз аннексияланышын тааныбайбыз» дегенин жазган. Президент Эрдоган Украинага сапарында Крымдын аннексияланышын күн тартипке койду. Эрдоган: «Түркия катары Крымдын мыйзамсыз аннексияланышын тааныбаганыбызды баса белгилей кетким келет»,-деди.

Bild гезити: Германияда коронавирусту жуктурган дагы эки адамдын аныкталганын билдирген. Өлкөдө бул илдет менен катталгандардын саны 12 кишиге жетти.

Zdf порталы: Аскерлери шейит кылынгандан кийин Түркия Сирияга каршы жооп кайтаруу операциясын баштаганын кабарлаган.

«Аль Шарк Аль Авсат»: Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму, Коронавирустун жайылуусун коштогон «маалымат эпидемиясы» темасында эскерткенин жазган.

Telesur: Венесуэла өкмөтү, жаңы типтеги коронавируска каршы Кытайга тилектештик көрсөткөнүн камтыган билдирүү жарыялаганын маалымдаган.

РИА Новости: Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Михаил Богданов, Түркиянын Москвадагы элчиси Мехмет Самсар менен жолукканын билдирген.

Gazetem.ru:  Зеленский, орус абактарындагы украиналыктардын эркин кое берилиши үчүн Түркиядан жардам сураганын жазган.

Lenta.ru: «Орусиядан жаңы чара көрүү: коронавирустуу чет өлкөлүктөр өлкөдөн депортацияланат» деп кабарлаган.

Le Monde: «Европанын төрт тарабында коронавирус коркуусу басымдуулук кылууда» деген теманы койгон.

КТРК: 2020-жылы Дубайда кыргыз маданиятынын күнү белгилене турганын билдирген.

 



Тектеш кабарлар