Дүйнөлүк басма сөз 11.12.2019
Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.
Welt гезити: Качкындардын башпаанек кайрылууларында Франция Германияны ашып өткөнүн жазган.
Аль-Кудс Аль-Араби: Пентагон, баардык сауд аскердик кызматкерлеринин Американын жерлериндеги машыгууларын токтотконун кабарлаган.
Аль-Кудс Аль-Араби: Израиль Дубайдагы «Expo-2020га» катышуу үчүн келишим түзгөнүн билдирген.
Ле Монд: «Пенсиялык реформа темасында макулдашуу же чечкиндүү болуу, Макрон үчүн эки учу миздүү бычак» деп жазган.
Le Figaro: Иш таштоодон улам Парижде 300 чакырымдан ашкан транспорттук тыгын жаралганын кабарлаган.
Obzorpress сайты: «Путинден Донбасс-Орусия чек арасы эскертүүсү: «Экинчи Сребреница болот...» дегенин жазган.
Lenta.ru сайты: Трамп Лавров менен өткөргөн жолугушуусуна «Абдан жакшы» деп баа бергенин маалымдаган.
Gazetem.ru сайты: «Түрк агымы» газ кууру долбоору үчүн саналуу күндөр калганын билдирген.
Эль-Мундо: Антарктидадагы базага бара жатып дайынсыз жоголгон Чилиге таандык аскердик учак боюнча үмүт үзүлүп баратканын жазган.
КТРК: 11-12-декабрда Президент Сооронбай Жээнбеков Бириккен Араб Эмираттарына расмий визит менен бара турганын билдирген.