Дүйнөлүк басма сөз 11.10.2019
Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.
«Аль-Шарк Аль-Авсат» (сауд-британ): Трамп Түркия менен күрттөрдүн ортосундагы арачылык жөнүндө сүйлөшүп жатат.
«Аль Кудс Аль Араби»: АКШ менен Орусия БУУнун Коопсуздук кеңешинде «Тынчтык булагы» операциясынын айыпталышын четке кагышты.
«Аль-Шарк Аль-Авсат»:Сириянын түндүгүндөгү кагылышууларда түркиялык бир аскер шейит болду, 3 аскер жараланды.
Deutsche Welle: Германиянын президенти Штайнмайер, Галле шаарындагы синагогага болгон кол салууну айыптады.
Die Welt: Трамп Түркия менен күрттөрдүн ортосунда арачылык кыла алаарын билдирди.
Эль Мундо, Испания: Эрдоган Европага: «Каалганы ачып 3,6 миллион качкынды сизге жөнөтөбүз»,-деди.
Эль Эксельсиор, Мексика: Мигель Диас-Канель Кубанын жаңы президенти болуп шайланды.
ТАСС агенттиги: Түркиянын Улуттук коргоо министрлиги, Сириядагы операцияда бир аскердин шейит болгонун кабарлады.
РИА Новости агенттиги: Төлөмдөрдө улуттук акча бирдиктерине өтүү: Орусия менен Түркия доллар менен коштошту.
Russia Today: Түркмөнстандын баш калаасы Ашхабадда КМШ лидерлеринин саммити өтүп жатат. Жыйынга Орусиянын президенти Путин да катышууда.
КТРК: Сооронбай Жээнбеков менен Гурбангулы Бердымухамедов эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.