Дүйнөлүк басма сөз 31.07.2019
Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.
«Аль- Рая Аль- Катария» гезити (Катар): Дубайда туризмдин начарлашы жүздөгөн кишинин жумушунан кетишине себеп болгонун жазган.
Аль-Мустакбал (Ливан): Швейцария БУУнун Жакынкы Чыгыштагы палестиналык баш калкалоочуларга жардам боюнча агенттигине каржылык колдоосун токтотконун билдирген.
«Ал Хаят» гезити (Ливан): Орусия-Иран машыгуусу жакында Инди океанында баштала турганын маалымдаган.
Bild.de: АКШ Германияны Ормуз кысыгындагы коопсуздук чара көрүүлөрүнө кошулууга расмий түрдө чакырганын кабарлаган.
Le Temps (Швейцария): Францияда экономикалык өнүгүү ушул жылдын экинчи чейрегинде акырындаганын жазган.
«Vesti» гезити: Трамп: «Орусия менен курал көзөмөлүнө байланыштуу келишим түзбөйбүз» дегенин билдирген.
«Коммерсант» гезити: АКШда Конгресс мүчөлөрү Солсберидеги окуяга байланыштуу Орусияга каршы жаңы чаралардын көрүлүшүн талап кылгандарын маалымдаган.
ТАСС агенттиги: АКШда сот Орусиянын шайлоолорго кийлигишкендигине байланыштуу Демократ партиядан келген доо талабын четке каккандыгын кабарлаган.
El Pais (Испания): Испан окумуштуулары органдарды көчүрүүдө ийгилик жаратып, адамдын өзөктүк клеткаларын жаныбарлардын эмбриондоруна жайгаштыра алгандарын маалымдаган.
Кларин (Аргентина): Кытайлык студенттердин көздөгөнү Буэнос-Айрес: шаардык аймактар арасында билим алуу үчүн эң сонун жер экенин жазган.
КТРК: Кыргызстандын балын экпорттоонун көлөмү өскөнүн билдирген.