Дүйнөлүк басма сөз 8.05.2019
Дүйнөлүк басма сөздөгү кыскача маалыматтар.
ARD (Германия) каналынын сайты: АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпеонун Германияга сапарын жойгонун жазган.
«Welt» гезити: Миллиондогон германиялык немисче туура окуй албайт жана жаза албайт» деген теманы койгон.
Сауд-британ «Альшарк Алавсат» гезити: АКШнын мамлекеттик катчысы: «Иран атомдук иштерин ашыкча арттырды» дегенин жазган.
«Аль-Рая Аль-Катария» (Катар) гезити: Сауд Арабстандын өзөктүк иштерине адистердин тынчсызданып жаткандарын билдирген.
«Аль Хаят» (Ливан) гезити: Сириянын түндүк батышына кол салуулардын күчөгөнүн кабарлаган.
«Le Parisien» (Франция) гезити: «Тарбия лагерлери: Пекин АКШнын айыптоолорун четке какты» деген теманы койгон.
«Le Temps» (Швейцария) гезити: Жан-Клод Юнкер Европа Биримдигин дагы күчтүү кылганын айтканын жазган.
Тасс маалымат агенттиги: Алтай тоолорунда кар көчкү түшүп 7 туристтин каза болгонун билдирген.
Риа Новости агенттиги: Орусиядагы сүт азыктарынын бештен бири нормалар бузулуп даярдалганын кабарлаган.
«Известия» гезити: Киевде Орусия чек араларына ядролук мина жайгаштыруу сунушу сөз кылынганын жазган.
КТРКнын сайты: Бишкекте Жеңиш күнүнө карата өтө турган иш-чарага даярдык жүрүп жатканын билдирген.