Дүйнөлүк басма сөз  20.12.2017

Дүйнөлүк басма сөздө Түркия тууралуу маалыматтар.

872305
Дүйнөлүк басма сөз  20.12.2017

Орусиянын Спутник маалымат агенттиги «Түрк Агымы Түркияны күчтөндүрөт» деген маалыматында орус газын Түркия аркылуу Европага алып бара турган Түрк Агымы проектиси Түркиянын энергетика коопсуздугун арттырышы менен маанилүү экендигин жазган. Проекти ишке ашары менен башта Греция болуп Европа өлкөлөрү энергетика тууралуу Түркия менен жакын кызматташтык түзүүгө аракет кылат. Акыйкаттан да жакынкы учурда Грециянын газды Түркия аркылуу өткөрүшү сөз боло алат. Адистер түтүк жолу проектисинин Түркия  - Европа саясий карым  - катнаштарында ырааттуулукка да арачы болорун айтышууда.

АКШнын  CNN эл аралык кабар каналы «Дүйнөнүн саналуу чумкуу борборлорунун бирөөсү Эскишехирде» деген маалыматында Эскишехирдин Чифтелер районунда Сакария дарыясы чыккан булактарда пайда болгон тузсуз сууда чумкуу борбору дүйнөнүн саналуу борборлорунун арасында экендигин жазган. Сакариябашында бир топ спорттук иш чаралар өткөрүлүүдө. Эң көп суу спортторунун өткөрүлгөндүгү жана Түркиянын эң тунук тузсуз суу чумкуусу болгон Сакариябашы бир гана Түркиядагы конокторун тосуп алуу менен эле калбайт. Дүйнөнүн түрдүү өлкөлөрүнөн конкоторду тосуп алып, тузсуз суу чумкууларын өткөрүүдө. Ушунун саясында да көптөгөн туристти тартууда. Айрыкча аймакта кано жана Драгон спорттору да башталды. Суу спортторунда бир топ иш чарага Сакариябашы үй ээлик кылуу үчүн талапкер.

Ирандын Фарс кабар агенттиги «Ризеспор жана Персполис бир тууган клуб болду» деген кабарында Түркиянын Чайкур Ризеспор командасы менен Ирандын супер лига командасы Персполистин ортосунда бир туугандык келишимине кол коюлгандыгын билдирди. Эки клуб мындан мурда ирандык футболчу Мехди Тареми тууралуу келишпестик болгон. Эки клубдун жетекчилеринин арасында өткөн сүйлөшүүлөрдөн киийн эки команда бир тууган клуб болуучечимин чыгарды. ФИФА 2016 – 2017  сезонунда Ризеспор менен келишим шарттарына  баш ийбеген ирандык футболчуга 4 ай оюнга катышпоо жана футболчуну трасфер кылып алган Иран командасы Перспорго болсо 2 мезгил трансферге тыюу салган болчу.

АКШнын Turkish American web порталы «Жан Клод Ван Жам Түркияда» деген маалыматында белгилүү Голливуд жылдызы Жан Клод Ван Дамм аты менен атала турган фитнесс борборунун ортоктук келишимин түзүү үчүн Измитке келгендигин жазган. Фитнесс борбору ачыла турган резиденциянын курулушуна байланыштуу пресс  - жыйын өткөргөн Ван Дамм : «Измитти, Кожаелин абдан жактырдым. Стамбулдун тегерегинде мындай кооз жердин бар экендигин билген эмесмин. Түркияда болгонумдан улам абдан бактылуумун. Мен спортту абдан жактырам. Ар дайым фитнесс борбору системасын дүйнөгө көрсөтүүнү каалап келдим. Глобалдык масштабда бир проекти бул. Биринчиси Измитте ачылат»,- деди. Ван Дамм Стамбул, Измир жана Анкарада да спорт борборлорун ачат.



Тектеш кабарлар