Дүйнөлүк басма сөз 29.11.2017

Дүйнөлүк басма сөздө Түркия тууралуу маалыматтар.

857485
Дүйнөлүк басма сөз 29.11.2017

АКШнын Turkish American Web сайты «Сүйлөшүүнүн уландысын алдыбыздагы күндөрдө өткөрөбүз» деген маалыматында президент Р. Т. Эрдогандын жума күнү телефон аркылуу сүйлөшкөн АКШнын президенти Дональд Трамп менен бул жумада дагы бир жолу байланышарын айткандыгын жазган. Президент, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын лидери Р. Т. Эрдоган партиясынын Түркия Улуттук Парламентинин фракция жыйынында берген маалыматында жума күнү өткөн сүйлөшүүдө жикчил террордук уюм ПККнын Сириядагы уландысы ПЙД/ЙПГге курал жардам берип жаңылыш кыймыл кылгандарын кабыл алган Трамп менен бул жуманын ичинде дагы бир жолу сүйлөшүшү мүмкүн экендигин айтты.

Ирандын ИРНА маалымат агенттиги : «Жаникли Сирияда 12 текшерүү жерин ачабыз» деген маалыматында улуттук коргоо министри Нуреттин Жаникли Анкаранын Сирия жерлеринде 12 текшерүү жерин ачууну максат кылгандыгын айтканын жазган. Жаникли Англияда басма сөз кызматкерлерине берген маалыматында : «Ушул кезге чейин Сирия жерлеринде Идлибде  үч текшерүү жана байкоо жери ачылды. Астана сүйлөшүүлөрүндө түзүлгөн келишимге караганда бул жерлердин саны 12ге чыгарылат»,- деди.

Орусиянын «Спутник» веб сайты  «ОЕСД Түркиянын өсүү божомолун жогорулатты» деген маалыматында Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюму Түркия үчүн өсүү күтүүсүн 2017 -  жыл үчүн 3, 4 пайыздан 6, 1 ге, 2018 -  жыл үчүн 3, 5 пайыздан 4, 9 пайызга жогорулатты. ОЕСД Глобалдык экономикалык көрүнүш отчетун жарыялады. Ушуга караганда ОЕСД 2019 -  жылы Түркиянын өсүү божомолун 4, 7 пайыз деп белгиледи.

АКШнын CNN эл аралык кабар каналы «Аутизм түрк кызынан Будапештте көркөмдүү фортепиано концерти» деген маалыматында Венгриянын борбор шаары Будапештте 19 жаштагы аутизм түрк кызы Берил Зорлу фортепиано концерт бергендигин жазган. «Музыка жана бөгөтсүз жолчулугум»  аттуу фортепиано концертинде дүйнөгө  таанылган чет элдик композиторлордун чыгармаларын аткарган аутизм фортепиано өнөрпозу Зорлу түрк чыгармаларын да аткарды. Көрүүчүлөрдөн алкыш алган Зорлуну концерттин акырларында Измир аутизм оркестры менен хору да коштоду.



Тектеш кабарлар