Дүйнөлүк басма сөз  23.08.2017

Дүйнөлүк басма сөздө Түркия тууралуу маалыматтар.

795111
Дүйнөлүк басма сөз  23.08.2017

    

Азербайжандын «Тренд» гезити «Эрдоган: Сириянын түндүгүндө эч качан террор мамлекетинин курулушуна уруксат бербейбиз» деген маалыматында президент Р. Т. Эрдогандын Сирияда бир террордук мамлекеттин курулушуна эч качан уруксат беришпей тургандыгын айтканын жазган. Эрдоган президенттик сарайында 39 -  акимдер жыйынында сүйлөгөн сөзүндө : «Сирияда курулушу кааланган террор мамлекетинин алдын тосо турган кыймылыбызды аткарып Евфрат калкыны кыймылын ишке ашырдык. Террордук уюм ПЙД/ЙПГге мамлекет курдуртпайбыз. Кээ бирлери күрт мамлекети деп атат, мен буларды күрт бир туугандарыма карата акаарат катары кабыл алам. Сирияда башка бир мамлекеттин курулушуна эч качан уруксат бербейбиз. Бул өлкөнү, Түркияны бөлүүгө аракет кылгандарга бардык жерди мазар кылабыз»,- деди.

АКШнын Turkish American Web порталы : «Премьер  - министр Бинали Йылдырым сингапурдук инвесторлор менен жолугушту» деген маалыматында премьер  - министр Бинали Йылдырымдын Сингапурда 550 миллиард долларлык инвестициясы бар фирмалардын өкүлдөрү менен жолугушкан жыйында Түркиядагы инвестиция мүмкүнчүлөртөрү  тууралуу сөз кылганын жазган.

Орусиянын Спутник маалымат агенттиги «Вице  - премьер Ышык : Германия Түркиядагы өзгөрүүнү окуй албай жатат» деген маалыматында  вице  - премьер Фикри Ышык Түркиянын Германия менен карым – катнаштарга маани беришкендерин баса белгилеп Берлиндин Түркиядагы өзгөрүүлөрдү окуй албагандыгын айтты.

Ирандын Фарс маалымат агенттиги «Түркиянын башкы штабынын төрагасы жакында Иранга келет» деген маалыматында Ирандын башкы штабынын төрагасы, генерал Мухаммед Бакыринин түрк башкы штабынын төрагасы, армиянын генералы Хулуси Акардын жакынкы учурда Тегеранга сапар менен  келерин айткандыгын  билдирген. Бакыри Түркия сапарын жана бул өлкөнүн жогорку мартабалуу саясий жана аскердик жетекчилери менен жолугушууларына ийгиликтүү деп баа берди. Генерал Бакыри түрк кесиптеши армиянын генералы Хулуси Акар менен жолугушуусуна токтолуп, Түркиянын чек араларын аскердик күч жана техникалык мүмкүнчүлүктөр менен коргоо тууралуу кээ бир иштерди баштагандыгын, Ирандын да бул абалга оң карагандыгын, террор менен күрөшүүдө да террористтердин эки өлкөнүн чектеринен өтүшү жана коопсуздукка жол ачууларына бөгөт болууда мыкты келишимдерди түзүшкөндөрүн  баса белгиледи. Генерал Бакыри түрк кесиптеши Хулуси Акардын сүйлөшүлгөн темаларды тактоо үчүн жакынкы убакта Тегеранга келерин айтты.



Тектеш кабарлар