Дүйнөлүк басма сөз 16.08.2017

Дүйнөлүк басма сөздө Түркия тууралуу маалыматтар

791170
Дүйнөлүк басма сөз 16.08.2017

АКШнын СНН эл аралык кабар каналы «Түркиянын жүзү батышка да чыгышка да карайт» деген маалыматында премьер  - министр Бинали Йылдырымдын      бул жылы 8 -  өткөрүлгөн Юнус Эмре институтунун «Түркчө жайкы мектеп» иш чарасынын жабылуу программасында  сөз сүйлөгөндүгүн жазган.  Түркиянын чыгышты да батышты да карабай коюу мүмүкнчүлүгү жок экендигин белгилеген Йылыдырым Түркиянын бир тарабы чыгышка, бир тарабы батышка карайт, жолдун  ушул боюнча улантыларын айтты.  «Өлкөбүздүн тышкы саясат параметрлерин бузбастан тарыхыбыз менен географиялык абалыбыз менен маданий баалуулуктарыбыз менен иштерибизди улантабыз»,- деген Йылдырым : «Биз үчүн тиги же бул мекеменин кызыкчылыгы эмес, өлкөбүздүн жана өлкөбүздүн ичиндеги достуктун  мааниси баарыдан мурда келет»,- деди.

Англиянын БиБиСи басма сөзү : «Германиянын тышкы иштер министринен моюнга алуу: Түркияга экономикалык кысым жасайбыз деп кээ бир кишилерге кыйынчылык туудурдук» деген кабарында Германиянын тышкы иштер министри Сигмар Габриэль бир немис гезитине берген маалыматында Түркияга каршы катуу мамиле кылуу менен саякат эскертүүлөрүндө кээ бир кишилердин жөндөн жөн эле кыйынчылык тарткандыгын кабыл алгандыгын жазган. Немис саясатчынын саякат эскертүүлөрүнө көңүл бурбаган немис туристтердин Түркияга болгон кызыгуусунда азаюу болгон жок. Германиянын алдыңкы тур операторлору өкмөттүн саякат тууралуу жарыяларын актуалдаштыруусуна карабастан Түркиянын немистер үчүн азыр да эс алуу борбору экендиги боюнча көз карашын бөлүштү.

Орусиянын радио жана маалымат агенттиги Спутник «Түрк ашканасы батыш ашканасынан пайдалуу» деген маалыматында ички оорулар боюнча адис, профессор Жанан Каратай түрк ашканасынын батыш ашканасына караганда пайдалуу экендигин айткандыгын жазган. Жанан Каратай Америкада, Англияда фасоль, оливка майына жасалган тамактарды билишпегендигин,  жакшы тамактануу үчүн тамактарды бышыруу методдорунун да маанилүү экендигин айтты.

АКШнын Turkish American News порталы “Netflixтин биринчи түрк оригинал сериалынын башкы ролдогу оюнчусу белгилүү болду» деген маалыматында 2017 – жылдын май айында кол коюлгандыгы жарыяланган  Netflixтин алгачкы түрк оригинал сериалынын тактала баштагандыгын жазган. Кызыгуу менен күтүлүп жаткан сериалдын негизги каарманын белгилүү актер Чагатай Улусой аткарат. Сериал осмондук жана түрк уламыштары менен бирге тарыхтан алынган бир каармандык баянын  берет. Түрк оригинал сериалы 2018 -  жылы бүткүл дүйнөдө жарыяланат. Сериалда жаш жигит өзүнчө бир күчтөргө ээ экендигин байкайт. Стамбулду жок кылууну каалаган караңгы күчтөргө каршы шаарды жана бардык адамзатты коргоо үчүн колундагы бул күчтөрдү колдонууну билиши керек. Мында өзүнө жардам бере турган достору менен бирге аракет кылуудан башка чарасы жок.



Тектеш кабарлар