Дүйнөлүк басма сөз 02.08.2017

Дүйнөлүк басма сөздө Түркия тууралуу маалыматтар

782425
Дүйнөлүк басма сөз 02.08.2017

 

АКШнын Turkish Newyork Web порталы «Идлибдеги террордук уюм Түркия менен байланыштырыла албайт» деген маалыматында президенттикти катчысы Ибрахим Калындын АКШнын ДЕАШ менен күрөшүү боюнча атайын өкүлү Бретт Макгурктун Идлибдеги террордук уюмдарды Түркия менен байланыштыруунун кабыл алынгыс экендигин айткандыгын жазган. Калын менчик телекөрсөтүү каналына берген маалыматында  : «ДЕАШ менен күрөшүү боюнча атайын өкүлү болгон киши да ал мезгилден калган киши жана кээ кээде анын ПЙДликтер менен ЙПГликтер менен сүйлөшүүлөрү, тарткан фотографиялары, сапарлары жана башкалар да басма сөзгө чагылууда. Расмий сүйлөшүүлөрдүн алкагында Түркияга да келүүдө.  Жакынкы Чыгыш институтунда берген маалымат биз үчүн албетте кабыл алына турган нерсе эмес. Идлибдеги бул террордук уюмдардын Түркия менен байланыштырылышына аракет кылынышы кабыл алына турган нерсе эмес»,- деди. 

Германиянын  DW гезити «Ислам Кызматташтык Уюмунда Израилге айыптоо» деген маалыматында Стамбулда чогулган Ислам Кызматташтык Уюмунун тышкы иштер министрлери Израилдин Акса мечитине карата жасалгандарды «провокациялык» деп мүнөздөп айыптады. Түркиянын чакыруусу менен Стамбулда чогулган Ислам Кызматташтык Уюмунун тышкы иштер министрлеринин кезектеги аткаруу комитети жыйынтык билдирүүсүн жарыялады. Билдирүүдө : «Акса мечитинин жабылышы, палестиналык мусулман жана христиандардын табигый укугу болгон ыйык жерлерде ыбадат кылуу эркиндиктерине жаза берүү жана тынчтыкчыл жол менен ыбадат кылган палестиналыктарга каршы өлүмчүл жана ашыкча күч колдонуусу да болуу менен Израилдин акыркы учурлардагы провокациялык кыймылдарын катуу айыптайбыз»,- деп айтылды.

Ирандын ИРНА кабар агенттиги «Түркия жана Ирандын тышкы иштер министрлери Стамбулда палестина маселесин сүйлөштү» деген маалыматында тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглунун ирандык кесиптеши Жевад Зариф менен сүйлөшкөндүгүн билдирген. Чавушоглу менен Зариф Харем  - и Шерифке байланыштуу акыркы абалдарды да карап чыгуу үчүн Түркиянын чакыруусу менен Стамбулда чогулган Ислам Кызматташтык Уюмунун тышкы иштер министрлеринин аткаруу комитетинин жыйынынын негизинде  эки тараптуу жана делегациялар аралык сүйлөшүү өткөрүлдү. Чавушоглу менен Зариф Иерусалим менен байланыштуу абалдарды жана  эки тараптуу, аймактык темаларда пикир алышууларда болушту.

Азербайжандын Тренди «Чоң жарыш башталууда» деген маалыматында шамал энергиясы жаңыланууга боло турган энергия булак тармактары үчүн кемчиликтерди  азайтуу тендеринин эртең башталарын жазган. Шамал базарынын 90 пайызын колго алган 8 фирма Түркиянын шамал энергиясы үчүн жарышат.



Тектеш кабарлар