Дүйнөлүк басма сөз 26.07.2017

Дүйнөлүк басма сөздө Түркия тууралуу маалыматтар.

778168
Дүйнөлүк басма сөз 26.07.2017

АКШнын Блумберг маалымат агенттиги «Түркия орус ракеталарына карай багыт алып Эрдоган Германия жана НАТОго кайрылды» деген маалыматында президент Р. Т. Эрдоган Түркиянын Орусия менен улантып жаткан НАТО системалары менен дал келбей турган S-400 ракеталык коргонуу батареяларын сатып алуу сүйлөшүүлөрү тууралуу АКШнын  санааркоолорун четке каккандыгын жана АКШнын Сириядагы террордук топтор менен өнөктөштүк түзүшүн айыптап, келишимдин алдыга жыларын айткандыгын билдирген. Европа Биримдиги өлкөлөрүнүн өзүнө сүйлөө мүмкүнчүлүгүн бербегендигин да сынга алган Эрдоган : «Түркия президентинин жана министрлеринин өлкөңүздөрдө сөз сүйлөшүнө тосккол боло аласыңар, бирок агенттериңиздер бул жерге келип менин өлкөмдү бөлүп жарат. Бул эч качан ишке ашпайт. Же эгемендик укуктарыбызга сый көрсөтөсүңөр, адилеттүү түрдө жана бирдей шарттарда өнөктөш, дос жана союздаш болосуңар же болбосо кылган аракеттериңердин жообун аласыңар»,- деди.

АКШнын Turkish American Web порталы «Демократиялык оппозиция менен террорду колдогондордун айырмасын билүүбүз керек» деген маалыматында тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Брюсселде өткөрүлгөн Түркия  - Европа Биримдигинин жогорку даражадагы саясий диалог жыйынынан кийин өткөрүлгөн пресс – жыйында : «Журналисттик күбөлүккө ээ болуу бардык кылмышты кылууда мыйзамдуу кылып көрсөтпөйт же башка бир кесип да болушу мүмкүн. Козголоң  кыймылынын ичинде болгон жана бул козголоң кыймылына активдүү колдоо берген ким болсо болсун, кааласа журналист, кааласа аскер, кааласа полиция же саясатчы болсун айырмасы жок, баары бирдей, бирөөсүн башкасынан айырмалай албайбыз. Ошондуктан чыныгы демократиялык оппозиция менен террорго колдоо бергендердин айырмасын билбесек анда маселе ошол жерде башталат. Муну абдан жакшы аныктап айырмалай билүү керек. Бул тууралуу бардык маалыматтарды биз Европа Биримдигине берүүгө, маалымат бөлүшүүгө даярбыз, ушул күнгө чейин болгондой эле мындан кийинки процессте да аткарабыз»,- деди.

Азербайжан Тренд «Ибрахим Калын Европа менен Германияны эскертти» деген маалыматында президенттиктин катчысы Ибрахим Калын Daily Sabah гезитинде жарыяланган макаласында акыркы учурларда Түркия  - Германия ортосунда болгон маселелер тууралуу «Түркияга келген же өлкөбүздө иш алып барган Германия жана башка өлкөлөрдүн жарандарына карата кандайдыр бир  коркутуу жок. Бир немис жаранынын камалуу окуясы  мыйзамдуу маселе жана бул тууралуу акыркы чечимди оппозициячылдар гана чыгара алат. Айрыкча немис фирмалары тууралуу кара тизме жок»,- деди.

Орусиянын «Спутник»  маалымат агенттиги «Европа Биримдигинин жетекчиси Могерини Түркияга дагы катуу мамиле кылуу чакырууларына каршы чыкты» деген маалыматында Брюсселде болгон Европа Биримдигинин тышкы иштер жана коопсуздук саясаттарынын жогорку өкүлү Федерика Могерини өздөрү чыгарган адам укуктарынын бузулушу шылтоосу менен Түркияга каршы дагы катуу мамиле кылуу чакырууларына каршы чыкты. Могеринин Түркиянын мүчөлүк процессинин улантылышында катуу тургандыгына да көңүлдөрдү бурду.

 



Тектеш кабарлар