Дүйнөлүк басма сөз 4.07.2017

Дүйнөлүк басма сөздө Түркия тууралуу маалыматтар.

765204
Дүйнөлүк басма сөз 4.07.2017

АКШнын Turkish Newyork Web порталы «Буйруса учак кемебизди да жасайбыз» деген маалыматында президент Р. Т. Эрдогандын өлкөнүн коопсуздугу жактан орчундуу мааниге ээ болгон проектилердин санын арттыруу менен улантыларын айткандыгын жазган. Эрдоган Стамбулда Тузлада Кыналыада корветин деңизге түшүрүү аземинде сүйлөгөн сөзүндө : «Аскердик кемелер тууралуу менчик сектор жана аскердик кеме жасоочу жерлерде бүткөрүлгөн 14 пректибиз бар. Алдыдагы жылдарда келишимине кол коюла турган 10 проектибиз дагы бар. Булар өлкөбүз орун алган аймактагы коркутууларга каршы деңизчилик тармагында чыгарган чечүүчү жолдорго берген маанини билдирет. Буйруса биз учак кемебизди да жасайбыз. Мында да чечкиндүүбүз, эч кандай тынчсыздануубуз жок»,- деди.

Ирандын ИРНА кабар агенттиги «Анкара грек аскердик  кемеси тарабынан түрк кемесине ок атуусун айыптады» деген маалыматында Түркиянын Эгей деңизинде грек аскердик кемеси тарабынан Түркияга таандык кургак жүк кемесине ок атуусун айыптагандыгын жазган. Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта негизги адам укуктарынын бузулгандыгы белгиленип, бул сөздөргө орун берилген : «Бул окуяны абдан катуу айыптайбыз жана буга окшогон окуянын дагы бир жолу кайталанбашын күткөндүгүбүздү эл аралык коомчулук менен бөлүшүүнү керектүү деп таптык».

Орусиянын кабар агенттиги Спутник «Президенттиктин катчысы Калын : Эрдоган менен Путин  8 -  июлда чоң жыйырмалар саммитинде жолугушат» деген маалыматында президенттиктин катчысы Ибрахим Калын президент Р. Т. Эрдоган менен Орусиянын президенти В. Путиндин 8 -  июлда Германиянын Гамбург шаарында боло турган чоң жыйырмалар саммитинде жолугушарын айткандыгын жазган. Калын Эрдоган  - Путин жолугушуусунда Астана чечимдеринин сөз болорун белгиледи.

Германиянын Deutsche Welle түркчө гезити «Түркиядан Германияга катуу билдирүү» деген кабарында өкмөттүн катчысы  Нуман Куртулмуштун министрлер кеңеши жыйынынан кийин берген маалыматында президент Эрдогандын өткөрүүнү каалаган иш чарадан улам араздашкан Германияга : «Немис саячсатчылар эмне айткысы келесе айтсын, биздин программабызга таасири болбойт,- деди.

Германия менен апрель айында да араздашуунун болгондугун эске салган Куртулмуш бул араздашуулардын Германиядагы саясий календарь жана саясий абал менен байланыштуу экендигин айтты.

 



Тектеш кабарлар