Дүйнөлүк басма сөз 31.05.2017

Дүйнөлүк басма сөздө Түркия тууралуу маалыматтар

743179
Дүйнөлүк басма сөз 31.05.2017

Англиянын Ройтерс маалымат агенттиги «Эрдоган  -  Европа Биримдиги сүйлөшүүсү оң өттү» деген  маалыматында Ройтерске маалымат берген Брюсселдеги европалык жетекчилер өткөн жумада президент Р. Т. Эрдоган менен Европа Биримдиги Кеңешинин Дональд Туск жана Европа Биримдиги Комиссиясынын төрагасы Жан Клод Юнкердин ортосунда өткөн сүйлөшүүнүн оң өткөндүгүн, бирок жаңы бир келишимдин түзүлбөгөндүгүн билдирди. Сүйлөшүүдө эки тараптын мурункудай эле мамилесин уланткандыгын билдирген европалык булактар Европа Биримдигинин Түркия менен бул жылдын ичинде орто жана жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдү өткөрүүнү максат кылгандыгын белгиледи.

Германиянын Deutsche Welle түркчө гезити “Эрдоган Германияда жаңы адвокат тапты» деген маалыматында немис комик Жан Бөхмерманн тууралуу башталган укуктук процессте президент Р. Т. Эрдогандын адвокаттыгын Мустафа Капландын аткарарын билдирген. Кельнде  иш алып барган адвокат Мустафа Каплан немис комик  Бөхмерманнга каршы ачылган доодо президент Эрдогандын өкүлү болорун ырастады.

Орусиянын эл аралык маалымат агенттиги «Спутник» «Түркия кызыгуу көрсөткөн MS-21 моделиндеги орус жүргүнчү учагы алгачкы учушун аткарды» деген маалыматында Орусиянын президенти В. Путин биринчи учушунан улам вице – премьер Дмитрий Рогозин жана Иркут кызматкерлерин куттуктагандыгын жазган. Президент Р. Т. Эрдоган 10 -  мартта Путин менен өткөргөн жолугушууда MS-21 моделиндеги орус жүргүнчү учактарына кызыгышкандарын айткан болчу. Иркут фирмасы кээ бир түрк аба жолу фирмалары менен сүйлөшүп жатышкандарын билдирген болчу. MS-21 Иркут фирмасы тарабынан чыгарылган 150 – 212 кишилик кыска жана орточо аралыктуу кош моторлуу жүргүнчү учагы.

 

АКШ кабар порталы Turkishny “Түрк аба жолунун жергиликтүү отургучуна ээ болгон “Boeing 777-300ER” учагы желеге кошулду» деген маалыматында түрк аба жолдорунун мекемеси болгон Turkish Seat Industry чыгарган отургучтар Боинг – 737 учактарынан кийин узун аралыктуу 777 – 300 ЕRлерде колдонула баштады. Кабинасында экономика классында  алгачкы жергиликтүү отургучка ээ учак болгон “Boeing 777-300ER» учагы желеге кошулду. Түрк аба жолдорунун техникалык жана Ассан Ханил өнөктөштүгүндө курулган Turkish Ceat Industry 5 миллион долларлык инвестиция менен турмушка ашкандыгын билдирген.  2014 -  жылы ишин баштаган фирма биринчи этапта долбоорун Европа авиация жана коопсуздук агенттигинин бекитүүсүнөн өттү. Биринчи отургучтар Boeing 737-800дөргө жайгаштырыла баштады.



Тектеш кабарлар