Дүйнөлүк басма сөз 29.03.2017

Дүйнөлүк басма сөздө Түркия тууралуу маалыматтар

701811
Дүйнөлүк басма сөз 29.03.2017

Азербайжан маалымат агенттиги News agency tren «Баку – Тбилиси – Карс темир жолу июнь айынын акырында президент Эрдогандын катышуусу менен кызматка ачылат»,- деп билдирди.

Транспорт, деңизчилик жана кабарлашуу министри Ахмет Арслан менчик телекөрсөтүү каналында күн тартиби тууралуу суроолорго жооп берип жатып Баку  - Тбилиси – Карс темир жолу проектисин инюь айынын акырынан баштап президент Р. Т. Эрдогандын катышуусу менен кызматка ачууну максат кылышкандарын айтты. Министр Арслан Баку  - Тбилиси – Карс темир жолу менен Англиянын борбор шаары Лондондон чыккан бир поезд Стамбулда Мармарайды да  колдонуу менен үзгүлтүксүз Кытайдын борбор шаары Пекинге чейин барарын белгиледи. Муну транспортто бир төңкөрүш катары мүнөздөгөн Арслан Баку  -  Тбилиси  - Карс  темир жолу менен саякат кылуу аралыгын төрттөн бир бөлүгүнө түшүрөрүн белгиледи.

Орусия эл аралык маалымат агенттиги Спутник «Вице  - премьер Куртулмуш күр бир туугандарыбыз «макул болот» деди» деген маалыматында вице  - премьер  Нуман Куртулмуш жикчил террордук уюм ПККнын 16 -  апрелде президенттик өкмөт системасын күткөн конституциялык өзгөртүүлөрдү элдик добуш берүүдө кабыл албаш үчүн күрт калкына кысым жасоого ракетк ылгандыгын  белгилеп : «ПККдан жана жактоочуларынан алыстаган күрт бир туугандарыбыз  чоң катнашта кабыл» добуш беришет деди. Куртулмуш Ордуда 16 -  апрелдеги элдик добуш берүүнүн азыркы учурдагы системанын бардык жүгүн Түркиянын желкесинен аларын жана өлкөнүн жолун улантарына да басым жасады.

 

АКШ Американын веб порталы Türkishny “Түрк аба жолдорунун АКШ каттамдарында акысыз интернет31 -  марта башталат» деген маалыматында түрк аба жолдорунун башкы директору Билал Экши твиттер эсебинен 31 -  марттан баштап АКШ каттамдарында ноутбук жана планшеттерин тапшырган жүргүнчүлөргө учак ичинде акысыз "wifi" кызматын беришерин жарыялады. Маалымат Экшинин эсебинен англис тилинде да бөлүшүлдү.

Орусияны Риа Новости гезити «Түркиянын премьер – министри Европа Биримдигин Түркиянын ички иштерине кийлигишпөө боюнча эскертти» деген маалыматында Түркиянын премьер – министри Бинали Йылдырым 16 -  апрелде боло турган референдумдан мурда Карамандагы митингде сүйлөгөн сөзүндө Европа Биримдигинин Түркиянын ички иштерине аралашпашы тууралуу эскерткенин билдирген. Йылдырым : «Түркиянын эч ким менен маселеси жок, бирок кризистин болушун каалагандарга уруксат бербейбиз. Европа Биримдиги Түркиянын Европа Биримдиги үчүн 54 жылдан бери жубатып келе жатат. Европа Биримдигин эскертемин.  Ишибизге  аралашпастан өз ишиңерди аткаргыла»,- деди.

 

 



Тектеш кабарлар