Дүйнөлүк басма сөз-19.10.2016

Дүйнөлүк басма сөздө Түркия тууралуу чыккан маалыматтар.

592817
Дүйнөлүк басма сөз-19.10.2016

Германиянын берүү мекемеси DW: «Йылдырым;Түркиянын коалициянын ичинде орун алышы боюнча макулдашылды» аттуу маалыматында премьер-министр Бинали Йылдырымдын Мосулдун ДЕАШтан тазаланышы үчүн башталган операцияда Түркиянын коалициянын ичинде болушу темасында макулдашкандарын айтканын баяндады. Премьер-министр Йылдырым Адилеттик жана өнүгүү партиясынын Парламенттеги фракциясынын жыйналышында сүйлөгөн сөзүндө Түркиянын Мосулда болуп өткөндөрдү жакындан байкап жаткандарын белгилеп, өкмөт катары президент Режеп Таййип Эрдогандын «операциянын ичинде болобуз, сүйлөшүү үстөлүндө да болобуз» деген сөзүн күчтүү колдогондорун айтып, бул темага байланыштуу пландар түзүлгөнүн жана “Түркияга каршы кандайдыр бир абал болсо керектүү кадамдар дароо таштала турганын жана эсеси менен жооп кайтырла турганын», айтты.

Орусиянын маалымат агенттиги Риа Новости: «Чавушоглу Анкаранын Сирия жана Ирак боюнча мамилесинин көрмөксөнгө салынбашы темасында АКШны эскертти» аттуу маалыматында Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун Анкаранын Сирия жана Ирак темасындагы мамилесин АКШга бир канча жолу билдиргенин жана Анкаранын мамилесинин көрмөксөнгө салынбашы темасында да Вашингтонду эскерткенин айтканын баяндаган. Чавушоглу: «АКШнын мамкатчысы Жон Керри менен телефон аркылуу байланышып сүйлөшүүсүндө аймактагы абал каралды. Түркия тарабынан жасалган эскертүүлөрдү көрмөксөнгө салган жолдоштор кийин өкүнүп калышат, бирок кеч болуп калат. Өзгөчө операция баштала электе Анкаранын мамилеси жана жасай ала тургандары темасында бардык тараптарга маалымат беребиз. Анын үстүнө Анкаранын мамилеси темасында мени менен бирге Түркиянын башкы штаб төрагасы да АКШга жана эл аралык коалицияга маалымат берди»,-деди. Ошондой эле Чавушоглу 15-октябрда Лозаннада өткөрүлгөн Сирия темалуу жыйналыш убагында Анкаранын Сирия жана Ирак темасындагы мамилесине байланыштуу маалыматты камтыган катты Керриге жеке өзү бергенин кошумчалады.

Фрванциянын маалымат агенттиги АФП: « Мосул операциясы...Түрк аба күчтөрү операцияда орун алышын улантат» аттуу маалыматында Анкаранын кечээки маалыматтандыруусуна караганда Түркиянын аба күчтөрү эл аралык коалициянын ичинде жетишилген макулдашууга ылайык Мосулду ДЕАШка мүчө террористтерден кайтарып алууга аракет кылган ирактык саясатчыларды колдоого алуусун уланта турганын жазган. Түркиянын коргоо министри Фикри Ышык: «Аба күчтөрүбүздүн кошулушу жөнүндө коалициялык күчтөр менен макулдашууга жетишилди»,-деп айтты. Улуттук коргоо министри Ышык: «Түркия болбостон Мосулдун келечегине карата чечим чыгаруу мүмкүн эмес»,-деди.

Англиянын маалымат агенттиги Рейтерс: «Түркиянын ЕБ боюнча министри: Виза келишими аткарылбаса баш калкалоочуларды артка кайтарып алуу соңуна чыгат» аттуу маалыматында Түркиянын ЕБ боюнча министри Рейтерске берген маалыматында, ЕБнин жылдын акырына чейин түрктөр үчүн визасыз саякат ишке ашыруусун баштоосу жана Түркиянын террор менен күрөшүү мыйзамдарын өзгөртүүсү боюнча көөшөрүүсүн соңуна чыгарышы керектигин, андай болбосо Анкаранын мыйзамсыз көчтү токтотууну максаттаган келишимдин өзүнө түшкөн үлүшүн жое турганын айтканын жазган.



Тектеш кабарлар