Израиль 7-октябрдан бери Газа тилкесинде кан төгүүдө

Израиль Газанын түштүгүндөгү Рефах шаарына да кол салды.

2132819
Израиль 7-октябрдан бери Газа тилкесинде кан төгүүдө

Израиль 7-октябрдан бери Газа тилкесинде кан төгүүдө.

Эл аралык мыйзамдарды этибарга албай, аялдар жана балдар менен катар карапайым калкты кырган Израиль армиясы Газанын борбордук бөлүгүндөгү Бурайж качкындар лагерине кол салды.

Лагердин чыгышында бир үйдүн бутага алынышынын натыйжасында кээ бир адамдардын каза болгондугу жана жараланганы жарыяланды.

Израиль Газанын түштүгүндөгү Рефах шаарына да кол салды.

Бир үйгө абадан кол салууда бир ымыркай да болгон 6 палестиналык каза болду. Израилдин Тел эл-Султан районундагы кол салуусунда дагы бир үй-бүлө кыйрап, 5 киши каза болду.

Израилдин Газа тилкесиндеги блокадасы уланып жатканда, аймакка аба аркылуу гуманитардык жардам жеткирүү аракеттери көрүлүүдө.

Палестиналыктар негизги муктаждыктарына жетишүү үчүн бомбалардын көлөкөсүндө күрөшүп жатышат.

Бир тараптан Америка Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен дагы бир жолу аймакка барууга камданып жатат.

АКШнын Мамлекеттик департаменти Блинкен 29-30-апрель күндөрү Сауд Арабияга бара турганын билдирди.

Блинкен кесиптештери менен Газадагы ок атышпоо аракетин жана туткундардын бошотулушун талкуулайт.

Андан тышкары Газага гуманитардык жардам көрсөтүү маселеси да талкууланат.



Тектеш кабарлар