Израиль Рафах жана Газанын түндүгүндөгү аймактарды бошотууну талап кылды

Түндүктөгү палестиналыктардын тосмолорго жакындашына тыюу салынганын белгилеген Адрае билдирүүсүндө  бошотулушу керек болгон аймактардын карталарына да орун берди.

2138332
Израиль Рафах жана Газанын түндүгүндөгү аймактарды бошотууну талап кылды

Израиль армиясы Рафах шаары жана Газа тилкесинин түндүгүндөгү бир топ аймактарда  палестиналыктардын белгиленген "коопсуз аймактарга" барууларын талап кылды. 

Израиль аармиясынын басма сөз катчысы Авичай Адрае Х социалдык медиа платформасынан берген билдирүүсүндө Израиль армиясынын Хамаска кол салуу баштай тургандыгын ошол себептен сөз болгон аймактарда жашагандарды белгиленген "коопсуз аймактарга"  барууга чакырды. 

Адрае Рафах шаарынын чыгышындагы Шаббура жана Рафах лагерлери, административдик, Эль-Женина жана Хурбат Адс сыяктуу райондордо жер которгон палестиналыктардан дароо Аль-Маваси аймагына баруусун талап кылды. 

Израилдин басма сөз катчысы, Газа тилкесинин түндүгүндөгү Жибалия аймагындагы Салам, Нур, Тел Затер, Бейт Лахия, Сибалия лагери, Избет Меллин, Равда, Нуже, Эль-Жерин, Нахда жана Зухур райондорундагы палестиналыктардын да бул жерлерден кетүүсү керектигин  жана шаардын батышына баруулары керектигин белгиледи.

Түндүктөгү палестиналыктардын тосмолорго жакындашына тыюу салынганын белгилеген Адрае билдирүүсүндө  бошотулушу керек болгон аймактардын карталарына да орун берди. 

 

 



Тектеш кабарлар