Хамас БУУнун Башкы ассамблеясынын чечиминен ыраазы

Палестина Исламдык  каршылык көрсөтүү кыймылы Хамас, Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын Палестина БУУга мүчөлүк жана кошумча укуктарды талап кылынган резолюция долбоорун кабыл алганын ыраазычылык менен кабыл алгандыгын жарыялады.

2138287
Хамас БУУнун Башкы ассамблеясынын чечиминен ыраазы

Палестина Исламдык  каршылык көрсөтүү кыймылы Хамас Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын Палестинанын БУУга мүчөлүк жана кошумча укуктарды талап кылынган резолюция долбоорун кабыл алганын ыраазычылык менен кабыл алгандыгын жарыялады.

Хамастын жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө : «Бул чечимди Палестина калкыбыздын мыйзамдуу укуктарына ээ болушу керектигинин кабыл алынышы жана элибизге каршы жүргүзүлгөн кыйратуучу согушка колдоо берген АКШ башкаруусунун алдында эл аралык тараптардын элибиздин айланасында биригүүсүнүн ырастоосу катары карайбыз»,- деп айтылды.

Билдирүүдө дүйнө өлкөлөрүнө  аракеттерин күчөтүү, эркиндик жана өз тагдырын өзү белгилөө укугуна ээ болууну каалаган Палестина калкына бардык жардамды берүүгө чакыруу салынды.

БУУнун Коопсуздук Кеңешин өз милдеттерин аткарууга жана Палестина мамлекетин БУУнун толук укуктуу мүчөсү катары таануу чечимин чыгарууга чакырылган билдирүүдө, Фашисттик баскынчы өкмөт (Израиль) тарабынан Газа тилкесинде жасалган кыргынды токтотуу үчүн олуттуу иштөөнүн маанилүүлүгү баса белгиленди.

БУУнун Башкы ассамблеясында кечээ өткөрүлгөн добуш берүүдө Палестинанын БУУга мүчөлүгүнүн БУУнун Коопсуздук Кеңешинде кайрадан талкууланышы жана байкоочу статусуна ээ болгон Палестинага кээ бир кошумча укуктардын берилишин талап кылган резолюция долбоору кабыл алынды.

Түркия менен бирге 80ге жакын өлкө биргелешип сунуштаган резолюция долбоору 193 мүчөдөн турган БУУнун Башкы ассамблеясында 143 «макул» добушу менен кабыл алынды.

Мыйзам долбооруна 25 "калыс" добуш берилди, ал эми АКШ, Аргентина, Папуа-Жаңы Гвинея, Чехия жана Венгрия баш болгон 9 өлкө "каршы" деп добуш берди.

Чечимде «Палестинанын БУУнун уставынын 4 - беренесине ылайык БУУга мүчөлүк критерияларын аткарганы жана ушул себептен БУУнун мүчөлүгүнө кабыл алынышы керектигине» көңүл бурулду.



Тектеш кабарлар