Таиландда ашыкча ысыктыктан 61 киши каза болду
Bernama News агенттигинин маалыматына ылайык, Таиланддын Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан жасалган билдирүүдө быйыл жылдын башынан бери ысыктан 61 кишинин каза болгондугу белгиленди.
Таиландда 2024-жылдын башынан бери ашыкча ысыктыктан улам 61 адам каза болду.
Bernama News агенттигинин маалыматына ылайык, Таиланддын Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан жасалган билдирүүдө быйыл жылдын башынан бери ысыктан 61 кишинин каза болгондугу белгиленди.
Билдирүүдө абанын температурасы 40 градустан ашкан борбор шаар жана айланасы менен түндүк - чыгыш аймактарында боло турган ысыктык тууралуу эскертүү берилип, кары - картаңдар жана өнөкөт оорулуулардын ысыктан сак болуулары керектиги айтылды.
Өлкөнүн түндүгүндөгү Лампанг аймагында апта ичинде температура 44,2 градуска чейин көтөрүлүп, 2023-жылдагы улуттук температура рекорду болгон 44,6 градуска жакындады.
Эль Нино аба ырайы кубулушунун жылдын эң ысык мезгилин өткрүп жаткан Түштүк Чыгыш Азия өлкөлөрүндө ысыктан улам каза болуу коркунучун арттырары маалымдалды.