Жаңы Зеландия Газа үчүн чакыруу салды

Жаңы Зеландиянын тышкы иштер министри Уинстон Петерс Израилдин кол салуулары уланып жаткан Газадагы «кырсыкты» токтотуу үчүн дүйнөнүн чара көрүшү керектигин айтты.

2126295
Жаңы Зеландия  Газа үчүн чакыруу салды

 Жаңы Зеландиянын тышкы иштер министри Уинстон Петерс Израилдин кол салуулары уланып жаткан Газадагы «кырсыкты» токтотуу үчүн дүйнөнүн чара көрүшү керектигин айтты.

Петерс Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында сүйлөгөн сөзүндө Газада тез арада ок атышпоонун жарыяланышы керектигин белгиледи.

Петерс палестиналык жарандардын Израилдин кол салууларынын «жүгүн тартууну» улантып жатканын белгилеп : «Бул кагылышуудан мурда чоң кыйынчылыктар менен күрөшүп келген Газа эми ээн жерге айланды»,-деди.

Министр Петерс туруктуу мүчөлөр тарабынан резолюцияларга бир нече жолу вето коюу БУУнун Коопсуздук Кеңешинин эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо боюнча жоопкерчилигин аткара албай калышына себеп болгонун баса белгиледи.

Газадагы «кырсыкты» токтотуу үчүн дүйнөнүн кыймылга келиши керектигин белгилеген Петерс Израилдин Газага эч кандай тоскоолдуксуз гуманитардык жардамдардын кириши үчүн колунан келгендин баарын жасоосу керектигин айтты.

Петерс Израилдин палестиналыктар баш калкалаган Газанын Рафах шаарына кол салышы баштатышы мүмкүн экендигине байланыштуу билдирүүлөрүнөн олуттуу тынчсыздангандарын белгилеп : «Хамасты жеңүүнүн куну палестиналык жарандарга төлүтүлбөшү керек»,- деди.  



Тектеш кабарлар