Ооганстандын Баглан провинциясында селден каза болгондордун саны 300дөн ашты

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (WFP) X социалдык медиа платформасында өз эсебинен билдирүү жасады.

2138425
Ооганстандын Баглан провинциясында селден каза болгондордун саны 300дөн ашты

Ооганстандын Баглан провинциясында селден каза болгондордун саны 300дөн ашты.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (WFP) X социалдык медиа платформасында өз эсебинен билдирүү жасады.

Буга ылайык, Баглан провинциясында акыркы жумаларда жааган жамгырдан улам пайда болгон селде 300дөн ашуун кишинин каза болгону жана 1000 үйдүн кыйраганы белгиленди.

Билдирүүдө Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын селден жабыркагандарга жардам таратканы белгиленди.

Бир тараптан Ооганстандын метеорология мекемеси Бадахшан, Тахар, Баглан, Панжшир, Лагман, Кунар, Нуристан жана Нангерхар провинцияларында катуу жаан жаашы тууралуу эскертти.

TOLO News телеканалына берген маалыматында жааган жамгыр кечээ эртең менен күчөгөн Баглан провинциясынын басма сөз катчысы Молла Илим Мужиди акыркы 1-2 күндө болгон селден 130 кишинин каза болгонун, 100 кишинин жараланганын белгиледи.

Жооптуу кызматкерлер селден жабыркаган аймактарга чукул жардам көрсөтүү аракеттери башталганын жарыялашты.



Тектеш кабарлар