Альбанезе: «Израилдин палестиналыктарга карай геноциди Холокостту эске салат»

Палестина боюнча атайын баяндамачысы ААльбанезе Тунисте өткөрүлгөн Магриб Машрик форумунда сөз сүйлөдү.

2138467
Альбанезе: «Израилдин палестиналыктарга карай геноциди Холокостту эске салат»

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Палестина боюнча атайын баяндамачысы Франческа Альбанезе Израилдин палестиналыктарга каршы геноцидинин Холокостту эске салганын айтты.

Палестина боюнча атайын баяндамачысы Альбанезе Тунисте өткөрүлгөн Магриб Машрик форумунда сөз сүйлөдү.

Альбанезе Израилдин Газа тилкесине карай уланып жаткан чабуулдарын «гуманитардык жана демократиялык баалуулуктарга ачык кол салуу» катары баалап: «Азыр Газада болуп жаткан окуяларга кантип көңүл бурбай коё алабыз? Бул трагедия»,-деди.

Газадагы адам укуктарынын бузулушуна көңүл бурган Альбанезе Израилдин Газада болжол менен 15 миңи балдар болгон 35 миң кишини өлтүргөнүн жана бул кол салуулар менен басып алган Чыгыш Кудс жана Батыш Шериадагы бардык палестиналыктардан өч алууну да максат кылганын белгиледи.

Эл аралык коомчулукту Израилдин кол салууларын токтотуу үчүн чара көрүүгө чакырган Альбанезе: «Мен эч тартынбастан Газада болгон окуяны согуш эмес, геноцид деп айта алам. Батыш өлкөлөрү геноцид деген сөздү колдонуудан ыңгайсыз болсо да, Газадагы геноцид Холокостту эске салат»,-деп айтты.

Альбанезе сөзүндө Израилдин Газадагы кол салууларына каршы чыгууларга да токтолуп «Дүйнө жүзү боюнча бул ырайымсыздыкты токтотуу үчүн кампустарда нааразычылык акциясын өткөрүү менен системаларды солкулдаткан жана кыймылга келген студенттик кыймылдарды колдошубуз керек»,-деп кошумчалады.



Тектеш кабарлар