Песков : "Запорожье кол салуулары коркунучтуу"

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Запорожье атомдук станциясына жасалган кол салууларды «коркунучтуу провокация» деп мүнөздөдү.

2126064
Песков : "Запорожье кол салуулары коркунучтуу"

 Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Запорожье атомдук станциясына жасалган кол салууларды «коркунучтуу провокация» деп мүнөздөдү.

Песков борбор шаар Москвада журналисттерге берген маалыматында кечээ Запорожье атомдук станциясына учкучсуз учуучу аппараттар  ​​менен жасалган кол салууларга баа берди.

Станциядагы  Эл аралык атомдук энергия агенттигинин кызматкерлеринин бул кл салууга күбө болгонун белгилеген Песков кол салулардын коркунучтуу провокация экендигин айтты. 

Песков кол салууларга байланыштуу Украинаны айыптап : "Бул өтө кооптуу тактика жана узак мөөнөттүү келечекте  жаман кесепеттерге алып келет. Тилекке каршы, Киев режими террордук аракеттерин улантууда",- деди.

Россиянын Мамлекеттик Атомдук Энергия Корпорациясынын (Росатом) кечээки билдирүүсүндө, Запорожье атомдук станциясына учкучсуз учуучу аппараттар ​​менен жасалган катуу кол салуулардын натыйжасында 3 кишинин жараланганы билдирилди.

Украинанын түштүк - чыгышындагы Запорожье атомдук электр станциясы Европадагы эң ири атомдук электр станциясы.

Станция  2022 - жылдын март айында орустар тарабынан басып алынган.  Учурда орус армиясынын көзөмөлүндө турган станциянын айланасында учкучсуз учуучу аппараттар жана артиллериялык чабуулдар болуп, Украина менен Россия кол салуулар үчүн бири-бирин айыптоодо.

 

 



Тектеш кабарлар