Газада 34 миң 943 адам каза болду
Палестинанын Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдирүүсүндө Израиль армиясынын акыркы 24 саатта Газанын ар кайсы жерлерине кол салгандыгын маалымдады.
2138246
Израиль армиясынын 2023 - жылдын 7 - октябрынан бери Газа тилкесине жасаган кол салууларында каза болгондордун саны 34 миң 943кө жетти.
Палестинанын Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдирүүсүндө Израиль армиясынын акыркы 24 саатта Газанын ар кайсы жерлерине кол салууларында 6 кыргындын болгонун, 39 палестиналыктын каза болгондугу, 58 палестиналыктын жараланганы белгиленди.
Билдирүүдө Израилдин 7 - октябрдан бери Газа тилкесине жасаган кол салууларында каза болгондордун саны 34 миң 943кө, жаралуулардын саны 78 миң 572ге жеткендиги маалымдалды.