Израиль Ливандын чек ара аймактарына сокку урууда

Израиль армиясы, чек ара аймагындагы шаарларды артиллериялык аткылоо жана «Меркава» тибиндеги танктар менен бутага алды.

2124107
Израиль Ливандын чек ара аймактарына сокку урууда

Израиль армиясы Ливандын түштүгүндөгү чек ара аймактарына бир учурда катуу артиллериялык чабуул жасады.

Ливандын расмий агенттиги NNAдагы кабарга караганда, Израиль армиясы чек ара аймагындагы шаарларды артиллериялык аткылоо жана «Меркава» тибиндеги танктар менен бутага алды.

Израилдик күчтөр, Ливандын чек арасында жайгашкан Айта аш-Шааб, Рамим, Эд-Духайра, Накура жана Лебенийе шаарларына сокку урду.

Танк жана артиллериялык чабуулдардын уланып жатканы билдирилди.



Тектеш кабарлар