Афганистанда болгон селдерде 50 киши каза болду
Жетекчилер селден жапа чеккен аймактарга чукул жардам көрсөтүү аракеттеринин башталганы тууралуу маалыматтарды беришти.
2138231
Афганистандын ар кайсы аймактарында селден кеминде 50 адам каза болду.
Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, өлкөнүн түндүк жана түндүк - чыгыш аймактарында нөшөрлөгөн жаандан улам сел жүргөн.
Бул тууралуу өлкөнүн түндүгүндөгү Баглан шаарынын Табигый кырсыктар департаментинин башчысы Хедаятулла Хамдард КабулдагыTolo News телеканалына маалымат берип : "Бурка, Нахрин жана Орто Баглан аймактарындагы селден ушул убакка чейин 50 киши каза болду»,-деди.
Жетекчилер селден жапа чеккен аймактарга чукул жардам көрсөтүү аракеттеринин башталганы тууралуу маалыматтарды беришти.