Газадагы Акса шейиттери ооруканасынан «күйүүчү май жардамына» чакыруу салынды

Оорукананын дарыгерлеринен Раид Хусейн, акыркы 2 күндө Рафахтан Газанын борбордук бөлүгүнө чоң миграция  толкуну болгонун жана мурда болжол менен 400 миң болгон калктын  800 миңден ашканын белгиледи.

2138211
Газадагы Акса шейиттери ооруканасынан «күйүүчү май жардамына» чакыруу салынды

Израилдин Рафах жана Керм Эбу Салим чек ара дарбазаларын жаабуусунан улам күйүүчү май тартыштыгы жаралган Газанын Дейр ал-Белах шаарындагы Акса шейиттери ооруканасы эл аралык мекемелерден ооруканага күйүүчү май жардамын көрсөтүүгө чакырды.

Оорукананын дарыгерлеринен Раид Хусейн, акыркы 2 күндө Рафахтан Газанын борбордук бөлүгүнө чоң миграция  толкуну болгонун жана мурда болжол менен 400 миң болгон калктын  800 миңден ашканын белгиледи.

Акса шейиттери ооруканасынын Газанын борбордук бөлүгүндө саламаттыкты сактоо кызматын көрсөткөн жалгыз оорукана экенине көңүл бурган Хүсейин, 150 орундуу оорукананын өзгөчө кырдаалдарда 200 орундукка чейин көбөйө аларын, бирок миграциянын жаңы толкуну менен бирдикте учурда 600 бейтаптын дарыланып жаткандыгын айтты.

Күнүнө 3 миң 500 литр күйүүчү майга муктаж болгондорун айткан Хүсейин, буга чейин ооруканага Бириккен Улуттар Уюмунун палестиналык качкындарга жардам  агенттиги (UNRWA) аркылуу күн сайын жеткирилип тургандыгын айтты. Акыркы 5-6 күндөн бери күйүүчү майдын келбегендигин жана запастагы күйүүчү майларды колдонушканын билдирди.

Ооруканада 600 бейтап жана жаралуу, 500 диализ, 24 эрте төрөлгөн ымыркай жана 12 реанимация бейтаптары бар экендигин, 5 операциялык бөлмөнүн тынымсыз иштеп жатканын белгилеген Хүсейин ооруканадагы саламаттыкты сактоо кызматтарынын 48 сааттан аз убакытта токтой турганын айтты.

Израиль армиясы Рафахка кенен түрдө кол салуу баштата турган болсо, Акса шейиттери ооруканасынын Газанын ортоңку бөлүгүндө саламаттыкты сактоо кызматын көрсөтө турган жалгыз оорукана болорун белгилеген Хусейн, эл аралык мекемелерди ооруканага күйүүчү май боюнча  жардам берүүгө чакырды.

Өкмөттүн Газадагы медиа кеңсесинин кечээки билдирүүсүндө, күйүүчү майдын 48 саат ичинде түгөнөрү жана Акса шейиттери ооруканасында саламаттыкты сактоо жана медициналык кызматтардын токтой турганы билдирилди.

Медиа кеңсесинин маалыматтарына караганда Израиль армиясынын 7 -  октябрдан берки кол салууларында  33 оорукана жана  54  саламаттыкты сактоо борбору иштебей калган.

 

 

 



Тектеш кабарлар