Палестинага БУУга мүчөлүгү жана кошумча укуктардын берилишин талап кылган резолюция кабыл алынды

Палестина 2011 - жылы БУУга толук мүчө болуу үчүн арыз берген, бирок БУУнун Коопсуздук Кеңешинде керектүү колдоо ала алган эмес. Палестина 2012 - жылы БУУда "туруктуу байкоочу статусуна" ээ болгон.

2138215
Палестинага  БУУга мүчөлүгү жана кошумча укуктардын берилишин талап кылган резолюция кабыл алынды

Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында кечээ өткөрүлгөн добуш берүүдө Палестинанын БУУга мүчөлүгүнүн БУУнун Коопсуздук Кеңешинде кайрадан талкууланышы жана байкоочу статусуна ээ болгон Палестинага кээ бир кошумча укуктардын берилишин талап кылган резолюция кабыл алынды.

Түркия менен бирге 80ге жакын өлкө биргелеше сунуштаган резолюция долбоору 193 мүчөдөн турган БУУнун Башкы ассамблеясында 143 «макул» добушу менен кабыл алынды.

Мыйзам долбооруна 25 "калыс" добуш берилди, ал эми АКШ, Аргентина, Папуа-Жаңы Гвинея, Чехия жана Венгрия баш болгон 9 өлкө "каршы"  добуш берди.

Чечимде «Палестинанын БУУ уставынын 4-беренесине ылайык БУУга мүчөлүк критерияларын аткаргандыгы жана  БУУнун мүчөлүгүнө кабыл алынышы керектигине» көңүл бурулду.

Палестина 2011 - жылы БУУга толук мүчө болуу үчүн арыз берген, бирок БУУнун Коопсуздук Кеңешинде керектүү колдоо ала алган эмес. Палестина 2012 - жылы БУУда "туруктуу байкоочу статусуна" ээ болгон.

 

 



Тектеш кабарлар