Израилдик компанияларга таандык бренддерди аныктаган сайт түзүлдү

Түркия радио жана телекөрсөтүү мекемесинин (TRT) эл аралык каналы TRT World X социалдык медиа платформасында, Шехзад жана Надия аттуу ишкер жубайлар менен болгон маектин видеосун бөлүштү.

2121860
Израилдик компанияларга таандык бренддерди аныктаган сайт түзүлдү

Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) палестиналык жана кашмирдик жаш жубайлар, Израилдин жеке компанияларына таандык бренддерди аныктап, керектөөчүлөрдүн аларга бойкот жарыялоосун жеңилдеткен веб-сайтты иштеп чыгышты.

Түркия радио жана телекөрсөтүү мекемесинин (TRT) эл аралык каналы TRT World X социалдык медиа платформасында, Шехзад жана Надия аттуу ишкер жубайлар менен болгон маектин видеосун бөлүштү.

Палестина тектүү Надия, Израилдин Газага кол салуулары уланып жаткан кезде Палестина калкы үчүн социалдык медиада сүрөттөрдү бөлүшүү менен гана чектелбестен дагы бир нерсе кылууну каалаганын жана күйөөсү Шехзад менен бирге «Occuped» аттуу интернет сайтын иштеп чыкканын айтты.

Сайтты өнүктүрүү процессинде Америка-Израиль Саясий кыймыл комитетине (AIPAC) колдоо көрсөткөн фирмаларды аныктоо үчүн жүздөгөн сааттарды сарптагандарын белгилеген Шехзад: «Биздин каалообуз – керектөө адаттарыңызды карап чыгуу»,-деди.

Надия: «Зекатты төлөп жатып, геноцидге шериктеш болгон компанияларга да колдоо көрсөтүп жаткан болушуңуз мүмкүн»,- деп эскертти.

Сионисттик уюмдардын мыйзамсыз израилдик отурукташуучуларды каржылоо үчүн жумшаган акчанын көбүнүн жеке капиталдан келгенине көңүл бурган Шехзад, аталган бренддерди сайттарында көрсөткөндөрүн белгиледи.

Надия, Израилди колдогон бренддерди бойкот кылууну жеңилдеткен «DisOccuped» сайтынын колдонмо версиясынын да даярдык процессинде экенин жарыялады.



Тектеш кабарлар