Японияда балдарга карата зордук-зомбулук көбөйүүдө
Японияда балдарга карата зордук-зомбулук учурлары 2023-жылы мурунку жылга салыштырмалуу 6,1 пайызга өстү.
2121756
Японияда 2023-жылы зомбулукка кабылган балдардын саны өткөн жылга салыштырмалуу 6,1 пайызга өсүп 122 миң 806га жетти.
Улуттук полиция агенттиги (Кейсацучо) жарыялаган маалыматтарга караганда, Японияда балдарга карата зордук-зомбулук учурлары 2023-жылы мурунку жылга салыштырмалуу 6,1 пайызга өстү.
Буга ылайык, 2023-жылы өлкө боюнча кеңешчилик борборлоруна 122 миң 806 зомбулук фактысы билдирилди.
Балдарга карата зордук-зомбулук фактылары боюнча козголгон кылмыш иштерин иликтөөнүн саны былтыркыга салыштырмалуу 9,4 пайызга өсүп 2385ке жетти.
Өлкөдө 1990-жылдан бери тынымсыз көбөйүп жаткан балдарга карата зордук-зомбулук фактыларында психологиялык зомбулук жана физикалык зомбулук өткөн жылы биринчи орунду ээледи.