Непал Эверестке чыгууну каалаган альпинисттерге  GPS мажбурдуулугун киргизди

Непал жетекчилери альпинисттердин электр энергиясын талап кылбаган жана күрмөлөрүнүн ичинде алып жүрүүгө боло турган кичинекей, пассивдүү GPS байкоочу аппараттыналып жүрүшүнө чечим чыгарды.

2121453
Непал Эверестке чыгууну каалаган альпинисттерге  GPS мажбурдуулугун киргизди

Непал дүйнөдөгү эң бийик тоо Эверестке чыккан альпинисттерге GPS (Глобалдык Позициялоо Системасы) байкоочу аппаратын милдеттүү түрдө киргизди.

Непал жетекчилери альпинисттердин электр энергиясын талап кылбаган жана күрмөлөрүнүн ичинде алып жүрүүгө боло турган кичинекей, пассивдүү GPS байкоочу аппараттыналып жүрүшүнө чечим чыгарды.

Карда  20 метрге чейин аныктай алган аппараттын жардамы менен жоголуу жана адам өлүмүн алдын алуу максат кылынууда. 

Альпинисттердин артта тонналаган таштанды калтыруусу да непалдык жетекчилерди аракетке өткөрдү.

Жетекчилер альпинисттердин таштандыларын алып келүүнү талап кылууда. Альпинисттер заңдарын эми табиятка ташташпайт жана өздөрүнө берилген, таштандыларды катуулаштырган жана жытсыз абалга алып келе турган химикаттарды камтыган баштыктарга салышат. 

Альпинисттерге 6 жолу колдонууга боло турган эки баштык берилет жана бул баштыктар альпинисттредин кайтуусунда текшерилет. 

Непал альпинисттик коомунун билдиргенине караганда бул сезондо Эверест тоосуна  200 кишинин чыгышы күтүлүүдө. 

 

 



Тектеш кабарлар