Германияда антисионисттик жөөт бирикмесинин банк эсеби жабылды

Жакынкы Чыгышта Адилеттүү Тынчтык үчүн Жөөт үнү Ассоциациясынын (Jüdische Stimme für gerechten Frieden in Nahost) билдирүүсүндө, Берлинер Спаркассе банкынын алдын ала эскертүүсүз бирикменин эсебин жаап салганы белгиленди.

2121565
Германияда антисионисттик жөөт бирикмесинин банк эсеби жабылды

Германияда антисионисттик жөөт бирикмесинин банк эсеби жабылды.

Жакынкы Чыгышта Адилеттүү Тынчтык үчүн Жөөт үнү Ассоциациясынын (Jüdische Stimme für gerechten Frieden in Nahost) билдирүүсүндө, Берлинер Спаркассе банкынын алдын ала эскертүүсүз бирикменин эсебин жаап салганы белгиленди.

Билдирүүдө бирикменин Берлинер Спаркассе банкындагы эсебин жабуунун убактысына көңүл бурулуп, Израиль армиясынын уланып жаткан эл аралык укук бузууларына коомчулуктун маалымдуулугун арттыруу үчүн борбор шаар Берлинде 12-14-апрелде өткөрүлүшү пландалган «Палестина Конгресси» белгиленди. Газадагы жана Германиянын бул согуштагы ролу, бирикменин эсебин жабууда эффективдүү болгону баса белгиленди.

Билдирүүдө Палестина конгрессинин уюштуруучулары «саясаттан көз карандысыз» болгондуктан конгрессти жокко чыгаруу же конгресске орун бербөө сыяктуу «кадимки ыкмалардын» натыйжа бербегени белгиленди.

«Конгресс билеттерди сатуу жана кайрымдуулук аркылуу каржыланат; биз ассоциация катары ушул максатта эсебибизди ачканбыз, ошондон улам эсебибиз жабылды. Эсебибизди жоготуп алсак да, бул жагдай бизди токтото албайт. Геноцид боюнча биздин позициябыз каржылык ресурстарга көз каранды эмес. Биздин мүчөлөрүбүз күндөн-күнгө жана ар бир баскынчылык кыймыл болгон сайын көбөйүүдө»,делди.

Ассоциация мурда Берлиндеги демонстрацияда Израилдин Газа тилкесине  чабуулдарына нааразылык билдирген.



Тектеш кабарлар