Фидан ПКК провокацияларына байланыштуу билдирүү жасады

Стамбулдагы иш-чарада сүйлөгөн сөзүндө Хакан Фидан, акыркы күндөрдө Бельгиянын эки башка шаарында ПКК тарапкерлеринин түрк жарандарына кол салгандарын эске салды.

2121279
Фидан ПКК провокацияларына байланыштуу билдирүү жасады

Тышкы иштер министри Хакан Фидан, Түркиянын операциялары менен бурчта такалган жикчил террордук уюм ПККнын аларды көрмөксөнгө салган Европа өлкөлөрүндө баш аламандык жаратып жатканын айтты.

Стамбулдагы иш-чарада сүйлөгөн сөзүндө Хакан Фидан, акыркы күндөрдө Бельгиянын эки башка шаарында ПКК тарапкерлеринин түрк жарандарына кол салгандарын эске салды.

«Германиянын Ганновер шаарындагы башкы консулдугубузга балталар менен кол салышты» деген Фидан, Францияда да ушундай провокациялык аракеттердин болгонун эске салды.

Фидан: «Биз сокку урган сайын ПКК бурчка такалууда. Бурчка такалган сайын бул ирет көптөгөн жылдар бою аларды көрмөксөнгө салып келген өлкөлөрдө баш аламандык жаратууда. Мамлекетибиз болсо жарандарын ар кандай шарттарда коргоодо»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар