Папуа-Жаңы Гвинеяда күчү 7 баллга жеткен жер титирөө болду
АКШнын Геологиялык кызматы (USGS) күчү 7 баллга жеткен жер титирөө Амбунти шаарынан 23 чакырым түндүк-чыгышта катталганын билдирди.
2119356
Папуа-Жаңы Гвинеянын Чыгыш Сепик провинциясындагы Амбунти шаарынын түндүк-чыгышында күчү 7 баллга жеткен жер титирөө болду.
АКШнын Геологиялык кызматы (USGS) күчү 7 баллга жеткен жер титирөө Амбунти шаарынан 23 чакырым түндүк-чыгышта катталганын билдирди.
Алгачкы маалыматтарга караганда, болжол менен 64 километр тереңдикте болгон жер титирөөдө адам жана мүлк жоготуусу болгон жок.
Папуа-Жаңы Гвинея Тынч океандын «От шакекчесинде» жайгашкан, бул жерде дүйнөдөгү жер титирөөлөр жана вулкандык активдүүлүк көп болот.
2022-жылдын сентябрь айында өлкөдө болгон 7,6 баллдык жер титирөөдө 21 адам каза болгон.