Кенияда 3 жумадан бери жааган жамгырдан каза болгондордун саны 267ге жетти

Бул тууралуу Ички иштер министри Китур Киндики өткөргөн пресс  - жыйынында  билдирди.

2138240
Кенияда 3 жумадан бери жааган жамгырдан каза болгондордун саны  267ге жетти

Кенияда болжол менен 3 жумадан бери  нөшөрлөп жааган жамгырдан улам сел жүрүп, селде каза болгондордун саны 267ге жетти.

Ички иштер министри Китур Киндики өткөргөн пресс  - жыйынында  селден каза болгондордун саны 267ге жеткенин айтты.

Селден 188 кишинин жараланганын белгилеген Киндики 75 кишинин дайынсыз жоголгондугун маалымдады. 

Киндики болжол менен 389 миң кишинин ыңгайсыз аба ырайынан жабыркап, 56 миң үй-бүлөнүн үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болгонун белгиледи.

 

 

 



Тектеш кабарлар