Израилдин Газага кол салууларында каза болгондордун саны 29 миң 606га жетти
Израилдин акыркы 24 саатта 92 палестиналыкты өлтүргөндүгү белгиленген билдирүүдө жалпы каза болгондордун саны 29 миң 6060га жеткендиги маалымдалды.
Израилдин элди мажбурлоо менен ач жана суусуз калтырган Газа тилкесине карата кол салууларында өлтүргөн палестиналыктардын саны 29 миң 606га жетти.
Газадагы Палестина Саламаттыкты сактоо министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалымата Израилдин 7 - октябрдан бери улантып келе жаткан кол салууларына байланыштуу маалымат берилди.
Израилдин акыркы 24 саатта 92 палестиналыкты өлтүргөндүгү белгиленген билдирүүдө жалпы каза болгондордун саны 29 миң 6060га жеткендиги маалымдалды.
Акыркы кол салууларда 123 палестиналык жараланып, жалпы жаралуулардын саны 69 миң 737ге жеткени белгиленди.
Урандылардын астында жана жол жээгинде сөөктөрдүн бар экендиги, бирок Израиль күчтөрүнүн тоскоолдугунан улам медициналык топтор жана жарандык коргонуу кызматкерлеринин сөөктөргө жете албаганы баса белгиленди.
Палестина маалымат агенттиги WAFAнын билдиргенине караганда Израиль күчтөрү Ел Халил, Тулкерим, Бейтүллахим жана Наблуста түнү менен рейд жүргүздү.