Орусия Авдиевка шаарын орус армиясы көзөмөлүнө алганын билдирди

Орусиянын Коргоо министрлигинен берилген маалыматта Шойгунун Орусиянын президенти Владимир Путин менен Кремль сарайында жолугушканы белгиленди.

2103790
Орусия Авдиевка шаарын орус армиясы көзөмөлүнө алганын билдирди

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу Донецк облусундагы Авдиевка шаарын орус армиясы көзөмөлүнө алганын билдирди.

Орусиянын Коргоо министрлигинен берилген маалыматта Шойгунун Орусиянын президенти Владимир Путин менен Кремль сарайында жолугушканы белгиленди.

«Борбор» аскердик тобунун бөлүктөрү Донецк аймагындагы башка калктуу конуштарды да каратып алуу үчүн чабуулдарын улантып жатканы белгиленген билдирүүдө, «Шойгу Путинге Донецк Элдик Республикасынын Авдиевка шаарын орус армиясы каратып алганын билдирди. Авдиевка үчүн болгон кагылышууда акыркы 24 саатта украин армиясынын жоготуусу 1500 жоокер болду»,деген сөздөр камтылган.

Орусиянын президенти Владимир Путин 2022-жылдын 30-сентябрында кол койгон жарлык менен Украинанын Донецк, Луганск, Запорожье жана Херсон облустары мыйзамсыз түрдө аннексияланган.



Тектеш кабарлар