Орусияда рак оорусуна каршы вакцина изилдөөлөрү
Владимир Путин борбор калаа Москвада өткөрүлгөн «Келечектин технологиялары форуму» аттуу иш-чарада сөз сүйлөдү.
2102473
Орусиянын президенти Владимир Путин: «Рак вакциналары деп аталган, рак оорусуна каршы вакциналарды жана иммундук системаны жөнгө салуучу жаңы муундагы дарыларды чыгарууга жакынбыз»,-деди.
Владимир Путин борбор калаа Москвада өткөрүлгөн «Келечектин технологиялары форуму» аттуу иш-чарада сөз сүйлөдү.
Орусияда акыркы 5 жылда 500дөн ашуун рак дарылоо борборунун ачылганына көңүл бурган Путин, ракты дарылоого карата вакцина изилдөөлөрүнүн да жүргүзүлүп жатканын баса белгилеп: «Рак вакциналары деп аталган, ракка каршы вакциналарды жана иммундук системаны жөнгө салуучу дарылардын жаңы муунун чыгарууга жакынбыз. Алардын жакын арада жеке дарылоо ыкмалары катары натыйжалуу колдонуларына ишенем»,- деп билдирди.