Россия : "Жакынкы Чыгышта чыккан чыңалуу Газадагы абалды начарлатат"

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова Москвада жумалык маалымат жыйынын өткөрдү.

2099353
Россия : "Жакынкы Чыгышта чыккан чыңалуу Газадагы абалды начарлатат"

Россия Жакынкы Чыгышта чыга турган жаңы чыңалуунун Газа тилкесиндеги абалды  начарлата тургандыгын билдирди.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова борбор шаар Москвада жумалык маалымат жыйынында бир  журналисттин : «АКШ менен Ирандын ортосундагы чыңалуу Газа тилкесиндеги абалга кандай таасир тийгизиши мүмкүн?»,- деген суроосуна  жооп берип : "Аймакта  чыга турган кандайдыр бир чыңалуу Газа тилкесинде коркунучтуу болгон абалды ого бетер начарлатат",- деди.

 Захарова Газада ок атышпоо, гуманитардык жардам уюмдарынын толук кандуу иш алып баруусу жана эл аралык укуктун алкагында эки мамлекеттин курулушу үчүн саясий процесстин башталышы керектигин белгилеп : "Кандайдыр бир чыңалуу оболу жарандардын андан кийин да аймактагы мамлекет жана элдердин абалын начарлатат",- деди. 

 

 



Тектеш кабарлар