Линда Томас  - Гринфилд Түркияга жардам көрсөтүүгө даяр экендерин белгиледи

АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлү Линда Томас  - Гринфилд өткөн жылы Түркиянын  11 шаарында болгон жер титирөөдөн кийин «Түрк өнөктөштөрүнө узун мөөнттө калыбына келүү аракеттерине салым кошууга даяр экендерин» билдирди.

2099038

АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлү Линда Томас  -  Гринфилд очогу Кахраманмараш болгон жер титирөөлөрдүн бир жылдыгынан улам жазуу түрүндө маалымат берди.

Жер титирөөлөрдөн улам Түркия жана Сирияда 60 миңге жакын кишинин каза болгондугун эске салган Гринфилд ойлорунун бул коркунучтуу трагедияда каза болгондор менен экендигин айтты.

Гринфилд жер титирөөдөн кийин Хатайга барганын жана Сирияга жардам көрсөтүү үчүн гуманитардык уюмдардын өкүлдөрү менен жолукканын эске салды.

Жер титирөөдөн кийин АКШнын болжол менен 242 миллион долларлык гуманитардык жардам көрсөткөнүн белгилеген Гринфилд Сириядагы абалдын олуттуу бойдон калганына көңүлдөрдү бурду.

Гринфилд: «Түрк өнөктөштөрүбүздүн узак мөөнөттүү калыбына келтирүү аракеттерине салым кошууга жана Сириядагы жер титирөөдөн жабыркагандар менен иштөөнү улантууга даярбыз»,-деди.

Сирияга карата жардамдарды көбөйтүүгө чакырган Гринфилд Түркияга 1 миллион доллар кошумча фонд менен жаңы долбоорлорго колдоо көрсөтүүгө даяр экендиктерин белгиледи.

Тектеш кабарлар