Индонезиядагы Семеру жанар тоосу жарылды
Antara Newsтын кабарына караганда Семеру жанар тоосу жергиликтүү убакыт боюнча саат 07:30да жарылды.
2098920
Индонезиянын Жава аралынын чыгышындагы Семеру жанар тоосу жарылды.
Antara Newsтын кабарына караганда Семеру жанар тоосу жергиликтүү убакыт боюнча саат 07:30да жарылды.
Семеру жанар тоосунун байкоо пунктунда иштеген Гуфрон Алви Семерудан чыккан жана 1000 метр бийиктикке чыккан жанар тоо күлүнүн түндүк – чыгышка карай жылып бараткандыгын билдирди.
Вулканология жана геологиялык коркунучтарды азайтуу борбору (PVMBG) атылуу борборунан 5 километр жана Бесук Кобоканга жакын дарыянын жээгинен 500 метр алыстыкта болуу керектигин белгиледи.