Израилдин Газага карата кол салуулары
Израиль армиясынын Газага жасаган кол салууларында каза болгон палестиналыктардын саны 24 миң 927ге, жаралуулардын саны 62 миң 388ге жетти.
Израиль армиясынын Газага жасаган кол салууларында каза болгон палестиналыктардын саны 24 миң 927ге, жаралуулардын саны 62 миң 388ге жетти.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин Газада жасаган жазуу түрүндөгү жарыясында Израилдин кол салууларында акыркы 24 саатта 165 палестиналыктын каза болгондугу, 280 кишинин жараланганы белгиленди.
Кол салуулардан улам көп сандаган кишинин уранды астында экендиги белгиленген билдирүүдө жарандык коргонуу жана шашылыш медициналык топтордун аларга жетүүдө кыйынчылыктардын болуп жаткандыгы маалымдалды.
Палестиналык каршылык көрсөтүү кыймылы ХАМАСтын куралдуу канаты Изз ад-Дин ал-Кассам бригадалары Израилдин “палестиналыктарга жана алардын ыйык баалуулуктарына, өзгөчө Аль-Палестинага каршы тынымсыз эреже бузууларына жооп кылып, 7-октябрдын таңында кеңири чабуул баштаган. Израиль армиясы да Газа тилкесине кол салды.
Күч алган чыңалууда эки тараптан да миңдеген киши каза болуп жараланды.
Берилген гуманитардык тыныгууда 81 израилдик менен 240 палестиналык туткун өз ара алмашты.