Газада каза болгондордун саны

Израиль армиясынын акыркы 24 сааттагы кол салууларында дагы 112 палестиналык каза тапты.

2087824
Газада каза болгондордун саны

Израилдин Газа тилкесиндеги кол салууларында 7-октябрдан бери каза болгон палестиналыктардын саны 23 миң 708ге, жаралуулардын саны 60 миң 5ке жетти.

Израиль армиясынын акыркы 24 сааттагы кол салууларында дагы 112 палестиналык каза тапты.

Палестинанын расмий агенттиги WAFAнын кабарына караганда, Израиль армиясы Газа тилкесинин ар кайсы жерлериндеги үйлөрдү, жер которгон палестиналыктар баш калкалаган пунктарды жана качкындар лагерлерин бомбалоосун улантты.

Палестинанын Кызыл Жарым Айы, Израилдин Рефах шаарындагы бир үйдү бутага алуусунан кийин кызматкерлердин 9 кишинин сөөгүн алып чыгышканын билдирди.

Израилдик согуштук учактардын Рефах шаарынын чыгышындагы Эш-Шавка аймагындагы бир үйдү бутага алышынын натыйжасында болсо кеминде 9 киши каза болуп, көп сандаган киши жараланды.

Израилдин Газа тилкесинин ар кайсы жерлерин абадан жана кургактан тынымсыз бомбалоосунун натыйжасында 30 палестиналык каза тапты.

Израилдик учактар ​​Хан Юнустун борборуна кол салып, каза болгондор менен жаралангандарга жетүүгө аракет кылган тез жардам жана куткаруу топторун да бутага алды.



Тектеш кабарлар